Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 21-сентябры № 499-т
Иш-чараларды өз убагында даярдоо жана улуттук жогорку деңгээлде ийгиликтүү өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, драматург Токтоболот Абдумомуновдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
4. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджетинин каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, драматург Токтоболот Абдумомуновдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча);
"Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча).
Жекече (макулдашуу боюнча):
Раев Султан Акимович - ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы;
Мамбеталиев Канат Уркашевич - Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы туруктуу өкүлү;
Шаршенбаев Мелис - Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин консерваториясынын актердук чеберчилик бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Ким Михаил Геннадьевич - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын "Кыргыз маркасы" филиалынын директору;
Алыбаева Мария Артельевна - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик архив кызматынын директору;
Шарафидинов Маратбек - А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү;
Озбеков Асылбек Абазович - Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын директору, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Одуракаев Бусурман Кожокулович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти;
Намазалиев Алтынбек Абдисаламович - "Чүй облусунун өнүктүрүү фонду" мекемесинин директору;
Азылов Жыргалбек Кумарович - "Сары-Өзөн Чүй ынтымак борбору" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Кулмамбетов Жаныш Осмонович - "Кыргызстан театр ишмерлер союзу" коомдук бирикмесинин президенти, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу;
Абдумомунов Исхак Токтоболотович - Токтоболот Абдумомуновдун уулу.