Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын тескемеси
Бишкек шаары, 2022-жылдын 20-сентябры № 624
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйналышына жана өкмөттүк делегациясынын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жана өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун (мындан ары - Өкмөттүк делегация жана Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобу) курамы 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусу жана Өкмөттүк делегациялардын биргелешкен жыйналышы 2022-жылдын 23-26-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүлсүн.
3. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын КУРАМЫ
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын жетекчиси; |
Борубаев Назирбек Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси; |
Мырзаев Абдулат Абдираимович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору; |
Жаныкулов Данияр Торогазиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Акматов Мамасалы Такабаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Тулаев Маруфхан Каримович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Мусурманкулов Жанышбек Жусупович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн эксперти; |
Сарыбаев Эрмек Адылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси; |
Сулайманова Айнура Жумалиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы; |
Надырбеков Мелисбек Шадыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн начальниги; |
Сатиев Уланбек Кошбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын чек араны кайтаруу бөлүмүнүн начальниги; |
Исабеков Нарынбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директору; |
Толеев Ардак Азизбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары; |
Сулайманов Акылбек Таштанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын суу ресурстары башкармалыгынын начальниги; |
Эргешов Абдиназар Мамытович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Шаршеев Талгат Талантбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Абдухалиев Абдисамат Мурзараимович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн башкы адиси. |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун КУРАМЫ