Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 20-сентябры № 495-т
2021-жылдын 25-февралында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарын аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2021-жылдын 25-февралында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча төмөнкүлөр компетенттүү органдар болуп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда аталган компетенттүү органдардын тизмеси тууралуу россиялык тарапка кабарласын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |