Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 23-сентябры № 507-т
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана административдик объекттерин долбоорлоо жана куруу маселелерин ыкчам чечүү максатында, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-статьясынын 1-бөлүгүнүн 11-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жана анын ведомстволук уюмдарына төмөнкү объекттерди курууда долбоорлоо процесстерин айкалыштырууга уруксат берилсин:
- Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти, 301 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын административдик имаратын;
- Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 523/1, 523, 521 дарегиндеги балдардын реабилитациялык борборун;
- Бишкек шаары, Ленин району, Семетей көчөсү, 1 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинин аймагындагы жоокерлер казармасынын имаратын;
- Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти дарегиндеги "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин;
- Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү, 131 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинин аймагындагы маданият жана эс алуу паркын;
- Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти дарегиндеги социалдык-маданий объекттери менен мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин;
- өлкөнүн райондорундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн кызматтык турак имараттарын;
- Бишкек шаары, Ленин району, Семетей көчөсү, 1 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинин аймагындагы мектептин, бала бакчанын жана башка социалдык-маданий жана тиричилик объекттеринин курулушун;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерине ылайык башка объекттерди.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана анын ведомстволук уюмдары долбоорлоо процесстерин айкалыштыруу жолу менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди курууга киришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жана анын ведомстволук уюмдарына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоого, курууга архитектуралык-шаар куруу жана уруксат документтерин берүүдө, экспертизадан өтүүдө жана курулушу бүткөндөрдү эксплуатациялоого кабыл алууда көмөк көрсөтсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |