КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 4-октябры № 530-т
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 39-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2022-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планында:
- 13-пунктунда:
"Коюлган максаттарды аткаруу боюнча иш-чаралар" графасындагы "25,0 миң тоннага чейин", "Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Ысык-Көл облусунун Түп, Ысык-Көл райондорунда жана Талас облусунун Талас шаарында" деген сөздөр тиешелүү түрдө "40,0 миң тоннага чейин", "Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Токтогул, Аксы, Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Баткен облусунун Баткен районунда, Раззаков жана Кызыл-Кыя шаарларында, Нарын облусунун Ак-Талаа, Нарын жана Жумгал райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда, Талас облусунун Манас районунда жана Талас шаарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "облустарында, жана Талас облусунун Талас шаарында" деген сөздөр ", Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Жооптуу аткаруучулар" графасы "Ысык-Көл" деген сөздөн кийин ", Ош, Жалал-Абад, Баткен" деген сөздөр менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |