Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 4-октябры № 532-т
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо" долбоору боюнча Гранттык макулдашуунун (техникалык көмөктөшүүнүн) расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директоруна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |