Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 22-сентябры № 500-т
1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа);
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору (атайын операциялар) (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа).
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |