Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 22-сентябры ПТ № 181
Ош мамлекеттик университетинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасынын жаңы модернизацияланган корпусун долбоорлоо жана куруу боюнча аткаруучуларды аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте даярдасын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |