Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 4-октябры № 527-т
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана 2022-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн ташууда айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын 1-апрелине чейин кант кызылчасынын түшүмүн республика ичиндеги каттамда 2016-жылдын деңгээлиндеги темир жол тарифтеринин ставкасын белгилөө менен темир жол транспорту аркылуу ташууну камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы аталган мезгилдин ичинде айып санкцияларын салбастан, темир жол транспорту менен кант кызылчасынын түшүмүн ташууга ушул тескеменин 1-пунктунда белгиленген тарифтерди колдонсун.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |