Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 20-октябры № 687
Ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйлансын:
Төлөнов Касымбек Кубанычбекович
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын Баткен облусундагы Арка токой чарбасынын директору; |
Кудайбердиев Кадырбек Шералиевич
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Жалал-Абад облусунун суу чарба мамлекеттик бассейн башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Тентиева Батмабүбү
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун беденин селекциясы жана үрөнчүлүк лабораториясынын башчысы; |
Мартынов Евгений Сергеевич
| - Кыргыз Республикасынын облусунун Сокулук районундагы "Алмаз" дыйканчылык-фермердик чарбасынын жетекчиси; |
Айтибаева Рабияхон Гайыпбековна
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары мамлекеттик кызматынын "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын жетектөөчү адиси. |
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Осоев Жыргалбекке
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын Кемин райондук ветеринардык башкармалыгынын начальниги; |
Абдипаизов Узакбай Мейрачевичке
| - "АгроСтайл" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча каражаттарды жеткирүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы; |
Рыскелдиев Джумаке Джумакуновичке
| - "Нарын" асыл тукум чарбасынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айылы; |
Турдумбеков Кушубек Султановичке
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Талас райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Эсеналиев Раимбек Шүкүрбековичке
| - "Шүкүрбек-Сервис" айыл чарба кооперативинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айылы. |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |