Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 14-октябры № 552-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчиктик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-октябрындагы № 19 токтомунун негизинде:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин балансынан 80000 килограмм (80 тонна) салмагындагы металл конструкцияларды жана буюмдарды 2000 даана санында пластмасс отургучтарды Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн сакталышын, максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |