Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 544-т тескемесине) |
"Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемесинин УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. "Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемеси (мындан ары - Катчылык) Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын (мындан ары - Глобалдык программа) өнөктөштөрүнүн, ак илбирс жайгашкан өлкөлөрдүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын, донорлордун, кызыкдар коммерциялык эмес уюмдардын, бизнес-түзүмдөрдүн, илимий жана окуу жайлардын ортосунда Глобалдык программаны өнүктүрүү маселеси боюнча өз ара аракеттенүүнү, координациялоону жана кызматташууну уюштуруу аркылуу Глобалдык программаны ишке ашыруу максатында түзүлгөн.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
Катчылык Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине (мындан ары - Министрлик) түздөн-түз баш иет.
3. Катчылык ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда алыш-бериш жана башка эсептери, анын ичинен валюталык эсептери бар.
4. Катчылыктын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка реквизиттери бар.
5. Мекеменин аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемеси;
кыскартылган аталышы: "Катчылык";
2) расмий тилде: учреждение "Секретариат Глобальной программы по сохранению снежного барса и его экосистем";
кыскартылган аталышы: "Секретариат";
3) англис тилинде: "Secretariat on Global snow leopard and ecosystem protection program";
кыскартылган аталышы: "Secretariat".
6. Катчылыктын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2.
2. Катчылыктын максаты жана милдеттери
7. Катчылыктын ишинин максаты Глобалдык программаны ишке ашыруу болуп саналат.
8. Катчылыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ак илбирс жашаган өлкөлөрүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү;
2) ак илбирс жашаган өлкөлөрдө Глобалдык программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү;
3) Кыргыз Республикасында ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча стратегиялык документтерди ишке ашыруу.
3. Катчылыктын ыйгарым укуктары
9. Катчылыктын ыйгарым укуктары:
1) ак илбирс жашаган өлкөлөрдүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, донорлор жана зарыл болгон учурда башка өнөктөштөр менен Глобалдык программаны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын пландарын макулдашуу;
2) Глобалдык программаны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын пландарына мониторинг жүргүзүү, тийиштүү отчетторду жана маалыматтарды даярдоо жана аларды Глобалдык программанын өнөктөштөрүнө, башка кызыкдар уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткирүү;
3) веб-сайтты, маалыматтар базасын жана ак илбирстин экосистемасын сактоо маселеси боюнча илимий, маалыматтык жана нускамалык материалдардын китепканасын, мезгилдүү жарыялоолорду ишке ашырууну кошкондо, Глобалдык программаны өнүктүрүүнүн маалыматтык ресурстарын уюштуруу жана колдоо;
4) Глобалдык программанын өнөктөш өлкөлөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Глобалдык программаны өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңешмелерди жана конференцияларды уюштуруу, пландоо жана логистикалык жактан камсыздоо;
5) Глобалдык программаны ишке ашыруу боюнча макулдашылган иш-чаралардын пландарынын алкагында иштерди даярдоо жана жүзөгө ашыруу үчүн квалификациялуу адистерди, ошондой эле юридикалык жактарды тандоо жана тартуу;
6) ак илбирс жашаган өлкөлөрдүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, ошондой эле донорлорго жана Глобалдык программанын башка өнөктөштөрүнө отчетторду берүү;
7) Глобалдык программанын өнөктөштөрүнө биргелешкен окуу семинарларын жана талаа изилдөөлөрүн, маалыматтарды, документтерди, алмашууларды, визиттерге жиберишүүлөрдү кошкондо, Глобалдык программанын мазмунунун талаптарына ылайык персоналды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;
8) Глобалдык программаны жана Кыргыз Республикасында ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча стратегиялык документтерди ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык каражаттарды тартуу;
9) ак илбирс жашаган өлкөлөрдүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынан Глобалдык программаны ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды суроо;
10) Глобалдык программаны ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо;
11) зарыл болгон учурда, Катчылыктын ишинин алкагында биргелешкен иш үчүн өз ара келишүү боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, окумуштууларды, адистерди, коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу;
12) Глобалдык программаны ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды уюштуруу;
13) улуттук координаторлорду жана ак илбирс жашаган өлкөлөрдүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилерин окутуу жана техникалык колдоо, ак илбирс жашаган өлкөлөр менен эл аралык эксперттердин ортосундагы билим алмашуу механизмин өнүктүрүү;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Катчылык ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык өз ишин Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.
4. Катчылыктын ишин уюштуруу
10. Катчылыктын жетекчиси Катчылыктын ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт.
11. Министрлик Глобалдык программанын донорлору менен макулдашуу боюнча Катчылыктын бюджетин жана Катчылыктын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет.
12. Катчылыктын жетекчиси:
1) Глобалдык программаны ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары жана эл аралык институттар жана уюмдар менен ыкчам өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
2) өзүнүн компетенциясынын чегинде Катчылыктын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
3) Катчылыктын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
4) Катчылыктын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
5) Катчылыктын ишин жетектейт жана Катчылыкка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
6) Катчылыктын атынан ишеним катсыз иштейт, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, эл аралык институттарда жана уюмдарда анын кызыкчылыгын коргойт, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракетте келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
7) Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Катчылыктын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
13. Катчылыктын жетекчиси жана кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт жана эл аралык финансылык институттардын жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен контракттык негизде иштейт.
5. Катчылыктын жоопкерчилиги
14. Катчылык Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Катчылыкты каржылоо жана отчеттору
15. Катчылыктын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эл аралык уюмдардын жана донорлордун каражаттарынын эсебинен каржылоо;
2) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
3) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка кирешелер.
16. Катчылык Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.
17. Катчылык Кыргыз Республикасынын аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле Министрликтин чечими боюнча Катчылыктын каражаттарынын эсебинен аудит жүргүзөт.
7. Катчылыкты кайра уюштуруу жана жоюу
18. Катчылыкты жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.