Загрузка документа…
| ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 546-т тескемесине) |
Кыргыз-Германия ишкердик кеңеши жөнүндө ЖОБО
Ушул Кыргыз-Германия ишкердик кеңеши жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз-Германия ишкердик кеңешинин максаттарын, милдеттерин, ыйгарым укуктарын, багыттарын жана иштөө тартибин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз-Германия ишкердик кеңеши (мындан ары - Ишкердик кеңеш) Кыргыз Республикасынын жана Германия Федеративдик Республикасынын ишкердик чөйрөлөрүнүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган туруктуу иштөөчү координациялык- кеңешүүчү органы болуп саналат.
2. Ишкердик кеңештин чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ.
3. Ишкердик кеңеш юридикалык жак болуп саналбайт жана коомдук башталышта иштейт.
4. Ишкердик кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Ишкердик кеңештин расмий тилдеги толук аталышы - "Кыргызско-Германский Деловой совет".
6. Ишкердик кеңештин мамлекеттик тилдеги толук аталышы - "Кыргыз-Германия ишкердик кеңеши".
7. Ишкердик кеңештин немец тилдеги толук аталышы - "Deutsch-Kirgisischen Wirtschaftsrat".
2. Ишкердик кеңештин максаты, милдеттери жана багыттары
8. Ишкердик кеңештин максаты Кыргыз-Германия ишкердик чөйрөлөрүнүн кызматташуусунда макулдашылган өз ара аракеттенүүнү уюштуруу болуп саналат.
9. Ишкердик кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасында стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишкердик коомдун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ресурстарын консолидациялоо;
- ишкер чөйрөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн координациялоо;
- түз ишкердик байланыштарды кеңейтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле кыргыз жана германиялык ишкерлердин ортосундагы өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташуу;
- Ишкердик кеңеш тарабынан эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу маселелери боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга сунуштарды киргизүү;
- соода-экономикалык мамилелерди, өнөр жай жана финансылык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
10. Ишкердик кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ишкердик ишти өнүктүрүү;
- финансы сектору;
- өнөр жай;
- энергетика;
- агроөнөр жай комплекси;
- туризм;
- ички жана тышкы соода;
- техникалык жөнгө салуу;
- санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар;
- транспорт жана инфратүзүм;
- эмгек ресурстары жана кесиптик билим берүү;
- жана башкалар.
11. Ишкердик кеңештин ишинин багыттары Ишкердик кеңештин тең төрагалары тарабынан аныкталат.
12. Ишкердик коомдоштуктун өкүлдөрүнүн курамын кеңейтүү тараптардын макулдашуусу боюнча ишке ашырылат.
3. Ишкердик кеңештин укуктары
Негизги милдеттерди аткаруу үчүн Ишкердик кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана финансылык институттарды инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча өз жыйналыштарына чакырууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан зарыл маалыматты, статистикалык жана башка маалыматтарды белгиленген тартипте суроого;
- инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча эксперттик баалоо, экспертиза жүргүзүү жана консалтинг үчүн мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди, анын ичинде чет өлкөлүк эксперттерди тартууга;
- Ишкердик кеңештин катышуучулары менен макулдашылган маалыматтык материалдарды жарыялоого жана таратууга.
4. Ишкердик кеңештин ишин уюштуруу
13. Ишкердик кеңештин курамына эки тараптуу экономикалык мамилелерди кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө катышууга кызыкчылыктарын билдирген Кыргыз Республикасынын жана Германия Федеративдик Республикасынын мамлекеттик органдарынын, экономикалык жана ишкердик бирикмелердин өкүлдөрү, ошондой эле айрым ишканаларынын өкүлдөрү кирет.
14. Ишкердик кеңештин эки - кыргыз тараптан бир жана германиялык тараптан бир тең төрагасы бар.
15. Ишкердик кеңештин кыргыз бөлүгүнүн курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 24-мартындагы № 131-т тескемесине ылайык Ишкердик кеңештин кыргыз бөлүгүнүн курамына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Ишкердик кеңештин тең төрагасы жана тең төраганын орун басары кирет.
16. Ишкердик кеңештин Катчылыгы бар, ал кыргыз бөлүгүнөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин атынан жана германия бөлүгүнөн Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин Борбордук Азия боюнча региондук директорунун атынан түзүлгөн.
17. Катчылык Ишкердик кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде Иш планды жана ишти кароого, бекитүүгө киргизүү үчүн маселелердин чөйрөсүн аныктайт, ошондой эле Ишкердик кеңештин жыйналыштарын даярдайт, координациялайт жана жыйынтыктарды чыгарат, ошондой эле Ишкердик кеңештин максаттарына жетүү жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн башка чараларды көрөт.
18. Ишкердик кеңештин тең төрагалары күн тартибин жактырат, Ишкердик кеңештин жыйналыштарына тең төрагалык кылат жана Ишкердик кеңештин кабыл алынган чечимине кол коет.
19. Ишкердик кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жылына 2 жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйналыштар видеоконференция режиминде да өткөрүлүшү мүмкүн.
20. Ишкердик кеңештин каралуучу маселелери боюнча чечимдери Ишкердик кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана иштелип чыккан сунуштар же сунуштамалар менен протокол түрүндө таризделет.
21. Ишкердик кеңеш өз ишинде эки тараптын тең демилгелерин жана сунуштамаларын көңүлгө алат.
5. Ишкердик кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары
Ишкердик кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- талкуулануучу маселелердин маңызы боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө;
- Ишкердик кеңеш тарабынан кабыл алынган сунуштамаларды даярдоого жана ишке ашырууга катышууга;
- Ишкердик кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды алууга жана таанышууга;
- Катчылык аркылуу мамлекеттик органдарга кайрылууга жана алардан Ишкердик кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого.
6. Ишкердик кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттенмелери
Ишкердик кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкердик кеңештин ишине, анын жумушчу органдарынын ишине жана кеңештин иш-чараларына жеке өзү катышууга;
- жыйналыштарды жүйөлүү себептерсиз калтырууга жол бербестен, Ишкердик кеңештин ишине катышууга;
- Ишкердик кеңештин башка мүчөлөрүнө Ишкердик кеңештин кабыл алынган чечимдеринин алкагында алардын ишинин мазмуну, жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө толук маалымат берүүгө;
- Ишкердик кеңештин чечимдерин жана сунуштамаларын ишке ашырууга көмөктөшүүгө.
7. Ишкердик кеңештин катчылыгынын функциялары жана ыйгарым укуктары
Ишкердик кеңештин катчылыгы белгиленген тартипте:
- Ишкердик кеңештин уюштуруучулук-техникалык ишин камсыз кылат;
- Ишкердик кеңештин сунуштамаларын жана сунуштарын ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;
- Ишкердик кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурайт.
8. Корутунду жобо
Бул Жобо үч түп нускадагы көчүрмөлөрдө, кыргыз, орус жана немец тилдеринде кол коюлду, мында үч текст тең аутенттүү болуп саналат.
Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров |
| Германиялык тараптан "Элердинг" фондунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Гамбург шаарындагы ардактуу консулу Карл-Хуго Эрнст Элердинг |
______________________________________ |
| ______________________________________ |