Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 9-ноябры № 611-т
Жарандык авиацияны мындан ары өнүктүрүү, ички каттамдык тармактарды кеңейтүү, өлкөнүн ичинде калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "МЭА" ААК) төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен биргеликте кийин аларды сатып алуу үчүн ички аба жолдоруна учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына жооп берген аба кемелеринин типтерин баалоону жана аныктоону жүргүзсүн;
2) 100% үлүштүк катышуусу менен "МЭА" ААКнын туунду коому болуп саналган "Эйр Кей Джи" жоопкерчилиги чектелген коому үчүн аба кемелерин сатып алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн аба кемелерин сатып алуу үчүн "МЭА" ААКты тиешелүү чечим менен камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У.Жапаров |