Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 29-октябры № 585-т
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өзгөчө кырдаалдарды, кризистерди жана кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өзгөчө кырдаалдарды, кризистерди жана кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өзгөчө кырдаалдарды, кризистерди жана кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттиги (мындан ары - "Тараптар" деп аталуучу),
кырсыктарды башкаруу жаатында эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоону каалап,
өз ара сыйлоо, эгемендик, теңчилик жана өз ара пайда табуу принциптерине негизделип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумду (мындан ары - "Меморандум" деп аталуучу) ишке ашыруу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Меморандум Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын эске алуу менен маалымат жана тажрыйба алмашуу аркылуу өзгөчө кырдаалдарды, кризистерди жана кырсыктарды башкаруу жана алардан келтирилген зыяндын кесепеттерин жеңилдетүү жаатында Тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
2-берене.
Жалпы максаттарга жетүүгө көмөктөшүү максатында Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жана өздөрүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткарууга милдеттенет:
1. Маалымат, заманбап технологиялар, мезгилдик басылмалар, илимий, методикалык жана техникалык жарыялоолор, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, видео жана фото материалдар, практикалык изилдөөлөр менен маалымат алмашуу жана техникалык колдоо көрсөтүү.
2. Кырсыктарды башкаруу жана алардын потенциалдуу таасирин жеңилдетүү жаатында тажрыйба алмашуу.
3. Потенциалдуу табигый кырсыктар жөнүндө маалымат алмашуу үчүн алдын алуу жана коммуникация жаатында тажрыйба алмашуу.
4. Табигый кырсыктардын кесепеттеринен жабыркаган объекттерде талаа изилдөөлөрүнүн натыйжалары менен алмашуу.
5. Ыктыярчылыкка катышкан уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү.
6. Зарыл болгон учурда табигый же техногендик өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга карата үчүнчү жакка өз ара же биргелешкен негизде мүмкүн болгон колдоону жана жардамды көрсөтүү.
7. Авариялардын жана кырсыктардын катастрофалык кесепеттерин жоюуда кызматташуу.
8. Тараптар макулдашкан ар кандай байланышкан иштин түрлөрүндө кызматташуу.
3-берене.
Тараптар төмөнкүдөй маселелер боюнча тажрыйба алмашууда кызматташат:
- эрте эскертүү, чара көрүү жана авариялык калыбына келтирүү системаларын иштеп чыгуу;
- зарыл болгон учурда калыбына келтирүү боюнча аракеттерде потенциалды жогорулатуу үчүн жардам жана техникалык колдоо көрсөтүүдө кызматташуу;
- табигый кырсыктар, анын ичинде кырсыктардын кооптуулугун азайтуу, алардын кесепеттерин жеңилдетүү, табигый кырсыктарга даярдык көрүү, чара көрүүнү координациялоо, куткаруу операциялары жана авариялык калыбына келтирүү жаатында окуу жайларда кызматкерлерди биргелешип даярдоону алмашуу, стажерлорду, инструкторлорду, эксперттерди алмашуу, окутуу жана квалификациясын жогорулатуу;
- семинарларды, конференцияларды жана окуу курстарын пландаштыруу, даярдоо жана биргелешип уюштуруу;
- Тараптардын ар биринин юрисдикциясында өзгөчө кырдаалдарды, кризистерди жана кырсыктарды башкаруу жаатындагы мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча долбоордук сунуштарды даярдоо;
- Тараптардын өкүлдөрүнүн ыктыярдуу негизде жана тажрыйба алуу максатында аймагында өзгөчө кырдаал, кризис же табигый кырсык болгон үчүнчү жактын алдын ала макулдугу менен тиешелүү операцияларга катышуусу;
- табигый же антропогендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча биргелешкен окутууларды пландаштыруу жана уюштуруу маселесинде кызматташуу жана координациялоо.
4-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн Тараптар сунуштамаларды берүүгө ыйгарым укуктуу Өз ара кызматташуу боюнча биргелешкен комитет түзүшөт, ал ушул Меморандумдун жоболоруна ылайык аракеттенет жана жактыруу жана тиешелүү аракеттерди көрүү үчүн Тараптарга берилүүгө тийиш.
5-берене.
Тараптар ушул Өз ара макулдашуу боюнча меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
6-берене.
Эгерде Тараптардын ортосунда алдын ала жазуу түрүндө башкача макулдашылбаса, ар бир Тарап ушул Меморандумдун жоболорун аткарууга байланышкан жеке чыгымдарды өздөрү тартат.
7-берене.
1. Ушул Меморандумдун жоболору Тараптар жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
2. Тараптар улуттук же эл аралык трибуналга же үчүнчү тарапка жардам сурап кайрылуу менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун ушул жоболорун аткарууга умтулушпайт.
3. Ушул Меморандумдан келип чыккан же аны чечмелөөгө байланышкан талаш-тартыштар келип чыккан учурда, Тараптар талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен же Тараптардын ортосундагы толук макулдашуунун негизинде тынчтык жолу менен чечүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт.
4. Талаш-тартыш болгон мезгилдин ичинде эки Тарап тең ушул Меморандумда каралган өзүнүн бардык милдеттенмелерин аткарат.
8-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою күчүндө болот. Тараптардын бири экинчи Тарапка ушул Меморандумдун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алты айдан кеч эмес анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө кабарлабаса, анын колдонулушу кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
Меморандум ______ жылы ___________ шаарында ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө карата пикир келишпестиктер келип чыккан учурда тексттин англис тилиндеги варианты артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан |
| Бириккен Араб Эмираттарынын Өзгөчө кырдаалдарды, кризистерди жана кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин атынан |
|
| Тиркеме (A) |
Ушул Тиркеме Тараптардын ортосунда кол коюлган бул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
1-берене. Байланыш маалыматтары
Ар бир Тарап ушул Меморандумдун жоболору боюнча Тараптардын ортосунда координациялоо жана байланыш үчүн жоопкерчилик тарткан бир же бир нече Координаторлорду дайындайт.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн
Координатордун аты жана кызмат орду |
|
Телефон |
|
Уюлдук телефон |
|
Факс |
|
Электрондук дарек |
|
Бириккен Араб Эмираттарынын өзгөчө кырдаалдарды, кризистерди жана кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттиги үчүн
Координатордун аты жана кызмат орду |
|
Телефон |
|
Уюлдук телефон |
|
Факс |
|
Электрондук дарек |
|