Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 5-ноябры ПТ № 214
1. Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
Долбоор |
Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасы жана Сауд Аравия Королдугу (мындан ары "Тараптар" деп аталат),
алардын ортосундагы узак достук мамилелерди колдоо менен,
айыпталуучуларды жана соттолгондорду Тараптардын бирине өткөрүп берүү аркылуу кылмыштарга каршы күрөшүүдө өз ара кызматташтыкты бекемдөө ниетинде,
эгемендүүлүктү өз ара урматтоону тастыктоо менен жана Тараптардын теңдештигинин негизинде,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Өткөрүп берүү милдеттенмеси
Ар бир Тарап ушул Макулдашууга ылайык өткөрүп берилүүгө тийиш болгон кылмыш үчүн экинчи Тараптын аймагында айыпталып же соттолгон, анын аймагында табылган каалагандай адамды, мындай кылмыш ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин же андан кийин жасалгандыгына карабастан, ал адамга карата тергөө, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу же соттун өкүмүн аткаруу максатында өткөрүп берүүгө милдеттенет.
2-берене. Өткөрүп берүүгө алып келүүчү кылмыштар
1. Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык бир (1) жылдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же андан катуу жазага тартылуучу кылмыштар өткөрүп берүүгө алып келүүчү кылмыштар деп таанылат.
2. Сураган Тараптын соттору кылмышкерлерге карата юрисдикцияга ээ болгон, ошондой эле Суратылган Тараптын соттору дагы окшош абалда аларга карата юрисдикцияга ээ болгон Сураган Тараптын аймагынын чегинен сыртта жасалган кылмыштын кесепети Сураган Тарапка жана анын жарандарына таасирин тийгизүүчү өткөрүп берүүгө алып келген кылмыштар үчүн өткөрүп берүү жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап өкүмдү аткарууга тиешелүү болсо, анда өткөрүп берилүүгө тийиш болгон адамга карата өткөрүп берүүгө алып келген кылмыш жасагандыгы үчүн алты (6) айдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга өкүм чыгарылышы керек же жазанын өтөлбөгөн бөлүгүнүн калган мөөнөтү алты (6) айдан кем болбоого тийиш.
3-берене. Өткөрүп берүүдөн баш тартуу
1. Ушул Макулдашууга ылайык өткөрүп берүүгө төмөнкү жагдайлардын биринин негизинде жол берилбейт:
a) эгерде суроо-талап жасалган кылмыштар Суратылуучу Тарап тарабынан саясий кылмыштар катары таанылса;
b) эгерде Суратылуучу Тарап өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап адамды расасына, диний ишенимине, жарандыгына, этностук таандыктыгына, саясий көз карашына, жынысына, статусуна карата соттук куугунтуктоо же жазалоо максатында жасалган же мындай адамдын абалына ушул себептердин бири боюнча зыян келтириши мүмкүн деп эсептөөгө олуттуу негиз болгон учурларда;
c) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жасалган кылмыш аскердик укукта каралган кылмыш болсо, бирок кадимки кылмыш-жаза укугуна ылайык кылмыш эмес болсо;
d) эгерде Суратылуучу Тарап өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап келип түшкөн адамга карата кылмыш үчүн акыркы өкүмдү чыгарса;
e) эгерде Сураган Тараптын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүүгө суралган кылмыш үчүн соттук териштирүүнүн белгиленген мөөнөтү же жаза мөөнөтү өтүп кеткен болсо;
f) эгерде Суратылуучу Тарапта өткөрүп берүүнү сураган адам Сураган Тарап тарабынан кыйноолорго же ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысын кемсинтүүгө дуушар болгон же дуушар болот деп эсептөөгө олуттуу негиз болсо;
g) өткөрүп берүүгө суралып жаткан адам аны өткөрүп берүүгө суралган кылмыш үчүн соттолгон жана күнөөсүз деп таанылган же ал күнөөлүү деп таанылып, жазасын өтөгөн болсо;
h) Суратылуучу Тарап адамды өткөрүп берүү анын мамлекетинин эгемендигине, улуттук коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн же анын улуттук мыйзамдарына каршы келет деп эсептесе;
i) Сураган Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жиберилген кылмыш өлүм жазасы менен жазаланса, эгерде Сураган Тарап Суратылуучу Тарапка изделип жаткан адамга өлүм жазасы дайындалбайт, ал эми дайындалган учурда аткарылбайт деп жетиштүү кепилдик бербесе гана.
2. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү кылмыштар саясий кылмыш катары каралбайт:
a) мамлекет башчысына, өкмөт башчысына же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, падышага, мураскор ханзаадага, алардын жубайларына, урпактарына же мураскорлоруна же падышалык үй-бүлөгө кол салуу;
b) адам өлтүрүү;
c) денеге залал же зыян келтирген кол салуу же атайылап денеге залал келтирүү же денеге оор залал келтирүү;
d) мыйзамсыз максаттарда жардыргыч заттарды даярдоо, сактоо же пайдалануу же башаламандыкка же толкундоолорго үндөө үчүн колдонулган материалдарды, адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган же адамдарга же мүлккө зыян келтирүүчү материалдарды жасоо;
e) өз алдынча же башка адам аркылуу бөтөн адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүү максатында адамдын ок атуучу куралды же ок-дарыларды сактоосу же колдонуусу;
f) ок атуучу куралды аны кармоого же башка адамды кармоого каршылык көрсөтүү үчүн адамдын колдонуусу;
g) мүлккө зыян келтирүү;
h) адам уурдоо, адам сатуу, адамды уурдоо жана мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу, анын ичинде барымтага алуу;
i) терроризм жана ага байланышкан кылмыштар;
j) эл аралык келишимдин негизинде өткөрүп берүүгө алып келген кылмышты кароо милдети катары Тараптар тааныган ар кандай башка кылмыш;
k) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана химиялык прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана алардын контрабандасына байланышкан кылмыштар;
l) геноцид, согуш кылмыштары, тынчтыкка жана адамзатка каршы кылмыштар;
m) жогоруда аталган кылмыштардын кайсынысы болбосун жасоого же аларга каалагандай катышууга аракет, кутум же шыкак.
4-берене. Жарандарды өткөрүп берүү
Суратылуучу Тарап өз жарандарын өткөрүп берүүдөн баш тартат, ошол эле учурда өзүнүн мыйзамдарына ылайык кылмыш куугунтугун жүргүзөт. Мында ал башка каражаттар менен катар эле далилдерди, документтерди, тергөөнүн жыйынтыгын жана Сураган Тарап берген маалыматты пайдаланууга тийиш. Суратылуучу Тарапка Сураган Тарапка кылмыш куугунтуктоонун натыйжалары жөнүндө кабарлайт.
5-берене. Өткөрүп берүү тартиби
Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап Сураган Тараптын компетенттүү органы тарабынан Суратылуучу Тараптын компетенттүү органына дипломатиялык каналдар же Эл аралык кылмыш-жаза полициясы уюмунун (Интерпол) каналдары аркылуу жазуу жүзүндө жөнөтүлүшү керек жана төмөнкү документтер менен коштолууга тийиш:
1. Изделип жаткан адамдын инсандыгы жөнүндө толук анкеталык маалыматтары, өзгөчө белгилери жана жарандыгы, мүмкүн болсо Суратылуучу Тараптын аймагындагы дареги жана фотосүрөтү.
2. Изделип жаткан адамды камакка алууга соттун же башка компетенттүү органдын чечими, жасалган кылмыштын жана суралып жаткан жазанын фактыларын толук баяндаган документ, ошондой эле аталган адамды кылмыш куугунтуктоого даярдоонун алкагында кармоо үчүн зарыл болгон укуктук жоболор жана маалыматтар.
3. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап мурда соттолгон жана күнөөлүү деп таанылган адамга тиешелүү болсо, мындай суроо-талап өкүмдүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен коштолууга тийиш.
6-берене. Кошумча маалымат
Эгерде Суратылуучу Тарапка өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап боюнча чечим кабыл алуу үчүн кошумча маалымат же түшүндүрмө талап кылынса, ал Сураган Тарапты бул тууралуу кабарлоого тийиш. Сураган Тарап мындай маалыматты же түшүндүрмөнү Суратылуучу Тарапка көрсөткөн мөөнөттүн ичинде берет.
7-берене. Алдын ала кармоо
1. Шашылыш учурларда жана Сураган Тараптын компетенттүү органынын суроо-талабы боюнча Суратылуучу Тарап өткөрүп берүү үчүн изделип жаткан адамды ушул Макулдашууга ылайык өткөрүп берүү жөнүндө расмий суроо-талапты алганга чейин аны экстрадициялоо максатында камакка алууга жана убактылуу кармоого укуктуу. Убактылуу кармоо жөнүндө суроо-талап дипломатиялык каналдар боюнча Суратылуучу Тараптын компетенттүү органына, Интерполго же башка тиешелүү ыкма менен билдирүүгө тийиш.
2. Алдын ала кармоо жөнүндө суроо-талап изделип жаткан адамдын анкеталык маалыматтарын, аны өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жиберилерин көрсөткөн өтүнүч, изделип жаткан адамды камакка алууга уруксаттын бар экендиги жөнүндө маалыматты, кылмыш-жаза жоопкерчилигин жана бул кылмыш үчүн жазаны караган укуктук жоболорду, ошондой эле жазасынын калган мөөнөтүн жана мындай маалымат болгон учурда берүү үчүн изделип жаткан адамдын турган жери жөнүндө маалыматты камтышы керек.
3. Өткөрүп берүү жөнүндө расмий суроо-талап алдын ала кармалган күндөн тартып 60 күндүн ичинде алынбаган учурда, изделип жаткан адам бошотулууга тийиш. Бирок, эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жогоруда аталган мөөнөт аяктагандан кийин келип түшсө, бул жобо изделип жаткан адамды берүүнү андан ары жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.
8-берене. Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүп берүү
1. Эгерде ушул Макулдашууга ылайык, издөөдө жүргөн адам ушул Макулдашуунун (5) беренесинде көрсөтүлгөн документтерсиз аны өткөрүп берүүгө макулдугун берсе, Суратылуучу Тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык аталган адамды кийинки териштирүүлөрсүз мүмкүн болушунча тезирээк өткөрүп бере алат.
2. Бул учурда Сураган Тарап ушул берененин (1) пунктунда камтылгандарды эске алуу менен Суратылуучу Тарапка өткөрүп берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талапты жөнөтөт.
9-берене. Параллель суроо-талаптар
Эгерде Тараптардын бирине экинчи Тараптан же Суратылуучу Тарап менен өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуусу бар башка мамлекеттен бир эле же бөлөк кылмыштар үчүн суралып жатканына карабастан, бир эле адамды өткөрүп берүү жөнүндө бир нече суроо-талаптар келип түшсө, Суратылуучу Тарап адам кайсы мамлекетке өткөрүлүп бериле тургандыгын аныктайт. Чечимди кабыл алууда Суратылуучу Тарап бардык тиешелүү факторлорду, анын ичинде мындай суроо-талаптар колдонуудагы макулдашууларга ылайык жөнөтүлгөндүгүн; кылмыш жасалган жер; сураган мамлекеттердин кызыкчылыктарын; кылмыштын (тардын) оордугу; жабырлануучунун (лардын) жарандыгы; сураган мамлекеттерден келип түшкөн суроо-талаптардын хронологиялык тартибин баалайт.
10-берене. Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу
Суратылуучу Тарап өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча ушул Макулдашуунун жоболоруна жана суроо-талап жөнөтүлгөн учурда колдонуудагы өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алат жана Сураган Тарапка баш тарткан учурда, анын себептерин көрсөтүү менен өзүнүн чечими жөнүндө кабарлайт.
11-берене. Өткөрүп берүү жол-жобосу
1. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап канааттандырылса, изделип жаткан адам Суратылуучу Тараптын компетенттүү органдары тарабынан Тараптар макулдашкан этаптоочу жерге жеткирилиши керек.
2. Сураган Тарап Суратылуучу Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык каралган бир айдын же андан узак мезгилдин ичинде изделип жаткан адамды Тараптар макулдашкан этаптоочу жерде кабыл алууга тийиш. Эгерде көрсөтүлгөн адам көрсөтүлгөн мөөнөттө этап менен жеткирилбесе, Суратылуучу Тарап көрсөтүлгөн адамды ошол эле кылмыш үчүн өткөрүп берүүдөн баш тартып, аны бошотууга укуктуу.
12-берене. Өткөрүп берүүнү кийинкиге калтыруу же убактылуу өткөрүп берүү
1. Эгерде мындай адам тергөө астында болсо же жазаны ошол Тараптын аймагында өтөп жатса, Суратылуучу Тарап суралып жаткан адамды өткөрүп берүүнү кийинкиге калтырууга укуктуу. Кийинкиге калтыруу изделип жаткан адамды кылмыш куугунтуктоо аяктаганга чейин же ал адам сот тарабынан белгиленген жазаны аткарганга чейин созулушу мүмкүн.
2. Эгерде адам Суратылуучу Тараптын аймагында кылмыш куугунтугуна дуушар болгон же жазасын өтөп жаткан учурда өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап канааттандырылса, бул Тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык издөөдө жүргөн адамды тергөө же кылмыш куугунтуктоо үчүн Сураган Тарапка убактылуу өткөрүп бере алат. Өткөрүлүп берилген адам Сураган Тараптын аймагында камакта болушу керек жана Тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталган шарттарга ылайык тергөө же кылмыш куугунтуктоо аяктагандан кийин Суратылуучу Тарапка кайтарылып берилүүгө тийиш.
13-берене. Буюмдарга жана кирешелерге камак салуу жана өткөрүп берүү
1. Өткөрүп берүүгө суроо-талап канааттандырылган учурда, Суратылуучу Тараптын улуттук мыйзамдары жол берген чектерде жана ак ниеттүү үчүнчү жактардын укуктарына зыян келтирбестен, Суратылуучу Тарап Сураган Тараптын суроо-талабы боюнча кылмышка тиешеси бар же кылмышка байланыштуу далил катары колдонула турган бардык буюмдарды жана кирешелерди өткөрүп бериши мүмкүн.
2. Ушул берененин (1) пунктунда аталган буюмдар жана кирешелер изделип жаткан адамды өткөрүп берүү мүмкүн болбогон учурда дагы Сураган Тарапка берилиши мүмкүн.
3. Эгерде ушул берененин (1) пунктунда аталган буюмдар жана кирешелер Суратылуучу Тарап тарабынан камакка салынган же конфискацияланган болсо, аталган Тарап аларды өзүндө сактап калууга же Сураган Тарапка убактылуу өткөрүп берүүгө укуктуу.
4. Сураган Тарап, Суратылуучу Тараптын улуттук мыйзамдарына же ак ниеттүү үчүнчү жактарды коргоо боюнча талаптарга ылайык Суратылуучу Тараптын суроо-талабы боюнча териштирүү жол-жоболору аяктагандан кийин Суратылуучу Тарапка мурда андан алган бардык буюмдарды жана кирешелерди акысыз кайтарып берүүгө тийиш.
14-берене. Атайын эреже
1. Өткөрүп берилген адам, аны өткөрүп берүү себеби болгон кылмыштарды же бул адам өткөрүп берилгенден кийин жасалган аны менен байланыш кылмыштарды же болбосо Суратылуучу Тарап макулдук берген кылмыштарды кошпогондо Сураган Тарап тарабынан сотко өткөрүп берилиши же жазаланышы мүмкүн эмес.
2. Эгерде өткөрүп берилген адамга кабыл алуучу Тараптын аймагынан чыгууга укуктар жана каражаттар берилген болсо, бирок ал акыркы бошотулган күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде андан чыгып кетпесе же ал адам ошол мезгил ичинде аймактан чыгып кетип, өз ыктыяры менен кайра кайтып келсе, ал башка кылмыш үчүн сотко өткөрүп берилиши мүмкүн.
3. Ушул берененин 2-пунктунда баяндалган учурларды кошпогондо, Тараптардын эч бири аны өткөрүп берген Тараптын макулдугусуз өткөрүп берилген адамды үчүнчү мамлекетке өткөрүп бере албайт.
15-берене. Жазанын мөөнөтүн эсептөө
Өткөрүп берүү жол-жобосу учурунда камакта алдын ала кармоо мөөнөтү Сураган Тарап тарабынан өткөрүп берилген адамга карата дайындалган жаза мөөнөтүнө эсептелет.
16-берене. Транзит
Эгерде Тараптардын бири экинчи Тараптын аймагы аркылуу өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап келип түшкөн адамды өткөрүп берүүнү же алууну кааласа, ал эгерде мындай жол-жобо анын улуттук мыйзамдарына каршы келбесе, экинчи Тарапка тиешелүү суроо-талапты жөнөтөт. Бул максатта координациялоо эки Тараптын компетенттүү органдары аркылуу ишке ашырылууга тийиш.
17-берене. Чыгымдар
Тараптардын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык:
1. Суратылуучу Тарап өзүнүн аймагында өткөрүп берүү боюнча дуушар болгон бардык чыгымдарды тартат.
2. Суратылуучу Тарап буюмдарды жана кирешелерди камакка алуу жана жеткирүү же өткөрүп берүү үчүн изделип жаткан адамды кармоо менен байланышкан анын аймагында дуушар болгон бардык чыгымдарды тартат.
3. Сураган Тарап Суратылуучу Тараптын аймагынан берилген адамды же каалагандай предметтерди же кирешелерди жеткирүү менен байланышкан бардык чыгымдарды, анын ичинде транзиттик чыгымдарды тартат.
18-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө, колдонууга же аткарууга байланыштуу келип чыккан ар кандай пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы түз кеңешүүлөр аркылуу чечилүүгө тийиш. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, пикир келишпестиктер Тараптардын дипломатиялык каналдары аркылуу чечилиши керек. Мындай пикир келишпестиктерди жөнгө салуу үчүн кандайдыр бир сотко, трибуналга же үчүнчү жакка өткөрүп берүү мүмкүн эмес.
19-берене. Борбордук орган
1. Ушул Макулдашуунун алкагында бардык суроо-талаптарды алуу жана жөнөтүү Тараптардын борбордук органдары аркылуу ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынан борбордук орган: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы; жана Сауд Аравия Королдугунун борбордук органы: Ички иштер министрлиги (Сауд Интерполу).
3. Борбордук органдар ушул Макулдашууга киргизилген тармактарда кызматташууга көмөктөшүү үчүн түз байланыш адамдарын жана байланыш каражаттарын жазуу жүзүндө көрсөтүүгө тийиш.
4. Эгерде кайсы бир Тарап борбордук органын алмаштырса, анда ал бул тууралуу экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлашы керек.
20-берене. Кеңешүүлөр
Зарыл болгон учурда экстрадициялоо менен байланышкан кызматташтыкка байланыштуу пайда болгон маселелерди талкуулоо жана бул Макулдашууну илгерилетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Тараптардын борбордук органдарынан экстрадициялоо боюнча эксперттердин биргелешкен комитети түзүлүшү мүмкүн. Мындай сунуштар зарыл чараларды көрүү үчүн компетенттүү органдарга берилиши керек. Аталган комитет зарылчылыкка жараша же Тараптардын биринин өтүнүчү боюнча эки Тараптын аймактарында кезектешип чогулат.
21-берене. Эл аралык келишимдер жана макулдашуулар боюнча милдеттенмелер
Бул Макулдашуу Тараптардын алар катышкан башка эл аралык макулдашуулардан келип чыккан укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
22-берене. Тил
Ушул Макулдашууда каралган өткөрүп берүү жол-жоболоруна тиешелүү суроо-талаптар жана документтер англис тилинде түзүлүүгө же англис тилине котормосу менен коштолууга тийиш.
23-берене. Корутунду жоболор
1. Бул Макулдашуу эки Тарап тең анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аяктагандыгын ырастаган экинчи билдирүүнү алган күндөн тартып отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу эгерде Тараптардын бири аны бузуу үчүн көрсөтүлгөн датага чейин кеминде алты (6) ай мурда дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка жиберилген жазуу жүзүндөгү билдирүү аркылуу бузууга өз каалоосун билдирбесе, белгисиз мезгил бою күчүндө болот.
3. Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар эки Тараптан талап кылынган мыйзамдуу жол-жоболорго ылайык анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
4. Ушул Макулдашууну токтотуу же колдонуу мөөнөтүнүн аякташы эки Тараптын ортосундагы учурдагы суроо-талаптардын жана иш-чаралардын аткарылышына алардын жоболорунун алкагында толук аяктаганга чейин таасирин тийгизбейт.
20___-жылдын ___/ ________/ ____________ шаарында түзүлдү (______ ____ 14....Н ылайык келет), эки нускада ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда кандай болбосун айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Сауд Аравия Королдугу үчүн |
________________________________ |
| ________________________________ |