Загрузка документа…
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 5-ноябры ПТ № 216
1. Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Долбоор |
|
Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасы жана Сауд Аравия Королдугу (мындан ары "Тараптар" деп аталат),
соттолгон адамдарды реабилитациялоо жана социалдык реинтеграциялоо максатында аларды өткөрүп берүү жаатында эки Тараптын ортосундагы натыйжалуу кызматташууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирип,
мамлекеттик эгемендүүлүктү сактоо жана Тараптардын ички иштерине кийлигишпөө принциптеринин негизинде,
соттолгон адамдардын өздөрү жараны болгон мамлекетте жаза өтөөсү, укук бузуучулардын коомдогу кадимки жашоого кыйла натыйжалуу кайтып келишине мүмкүндүк түзөрүн эске алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында көрсөтүлгөн терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:
1) өкүм чыгарган мамлекет - өкүм чыгарылган жана андан соттолгон адам өткөрүп берилген мамлекет;
2) өкүмдү аткарган мамлекет - жазаны же жазанын калган мөөнөтүн өтөө үчүн соттолгон адам өткөрүп берилген мамлекет;
3) соттолгон адам - мыйзамдуу күчүнө кирген жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны караган соттун өкүмү аткарылууга тийиш болгон ар бир адам;
4) өкүм - өкүм чыгарган мамлекеттин компетенттүү сот органдары тарабынан соттолгон адамга карата чыгарылган эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү мыйзамдуу күчүнө кирген жана аткарылууга тийиш болгон соттун бардык чечимдери.
2-берене.
1. Тараптардын ар бири экинчи Тараптын каалагандай жаранына карата анын аймагында чыгарылган эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны караган соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрү жөнүндө экинчи Тарапка токтоосуз маалымдайт.
2. Ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Тараптар соттолгон адам жараны болуп саналган мамлекетте өз жарандарын эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны же жазанын калган бөлүгүн аткаруу максатында максималдуу кызматташтыкты ишке ашырат.
3-берене.
1. Тараптардын ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу компетенттүү органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасынын атынан - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
Сауд Аравия Королдугунун атынан - Сауд Аравия Королдугунун Ички иштер министрлиги (Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү боюнча туруктуу комитет).
2. Эгерде Тараптардын биринин компетенттүү органы өзгөргөн учурда Дипломатиялык каналдар аркылуу бул тууралуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө жана токтоосуз кабарлоо зарыл.
3. Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу боюнча бири-бири менен жазуу жүзүндө жана дипломатиялык каналдар боюнча өз ара аракеттенет.
4-берене.
Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү төмөнкү шарттарды сактоо менен Тараптардын ар бири тарабынан ишке ашырылат:
1) жасагандыгы үчүн өкүм чыгарылган кылмыш эки Тараптын тең мыйзамдары боюнча эркиндигинен ажыратууга жазаланат;
2) суроо-талап берилген учурда соттолгон адам Өкүмдү аткарган мамлекеттин жараны болуп саналат;
3) өкүм мыйзамдуу күчүнө кирди жана аткарылууга тийиш;
4) эки тарап тең өткөрүп берүүгө макул;
5) соттолгон адамдын өткөрүп берүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу бар, эгерде ал жаш курагына, физикалык же психикалык абалына байланыштуу жазуу жүзүндө өз эркин билдире албаса, анын мыйзамдуу өкүлү, жубайы (жана) же тууганы аркылуу жазуу жүзүндөгү макулдук алынышы керек;
6) өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап келип түшкөн учурда өтөөгө тийиш болгон жазанын мөөнөтү алты айдан кем эмес болушу керек. Бирок, Тараптар өзгөчө учурларда, жазанын калган бөлүгү алты айдан аз болсо дагы, өткөрүп берүүгө макул болушу мүмкүн;
7) төлөө жөндөмсүздүгү белгиленген учурлардан тышкары, соттолгон адам ага жүктөлгөн бардык жеке жана мамлекеттик финансылык милдеттенмелерди жабууга же өкүмдү чыгарган мамлекет алгылыктуу деп эсептеген аларды жабуунун кепилдигин берүүгө тийиш.
5-берене.
1. Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптар төмөнкүлөр тарабынан жөнөтүлүшү керек:
a) өкүм чыгарган мамлекет;
b) өкүмдү аткарган мамлекет;
c) соттолгон адам же болбосо эгерде соттолгон адам жаш курагына, физикалык же психикалык абалына байланыштуу өз эркин билдире албаса, анын мыйзамдуу өкүлү, жубайы же тууганы тарабынан.
2. Мындай суроо-талаптар Тараптардын биринин компетенттүү органына жазуу жүзүндө жөнөтүлүүгө тийиш.
6-берене.
Өкүм чыгарган мамлекет өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапка төмөнкү тиркемелерди тиркейт:
1) соттолгон адамдын инсандыгы жөнүндө маалымат;
2) кылмыш жасалган убактысын жана ордун көрсөтүү менен иш боюнча кыскача фабула, колдонуудагы мыйзамдардын жоболорунан көчүрмөлөр жана укуктук мүнөздөмөлөр;
3) мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) жазанын калган бөлүгү жөнүндө маалыматтар, анын ичинде тергөөнүн жүрүшүндө соттолгон адам тарабынан алдын ала же соттук камакта болгон кармоо мөөнөттөрү, бошотуунун болжолдуу датасы жөнүндө маалыматтар жана өкүмгө же анын аткарылышына тиешелүү башка маалыматтар;
5) соттолгон адамдын өткөрүп берүүгө макулдугун же жаш курагына, физикалык же психикалык абалына байланыштуу анын мыйзамдуу өкүлүнүн, жубайынын же тууганынын макулдугун ырастаган жазуу жүзүндөгү арызы;
6) мүмкүнчүлүк бар болсо, соттолгон адамдын манжасынын издери;
7) соттолгон адам жөнүндө каалагандай зарыл маалыматтар.
7-берене.
Өкүмдү чыгарган мамлекеттин суроо-талабы боюнча Өкүмдү аткарган мамлекет төмөнкү документтерди берет:
1) соттолгон адам анын жараны экендигин ырастаган расмий документтер;
2) өкүм чыгарылган жосун өкүмдү аткарган мамлекетте кылмыш болуп саналаарын жана жазаланууга тийиш экендигин ырастаган улуттук мыйзамдардын жоболорунан көчүрмө.
3) соттолгон адамга карата колдонула турган өкүмдү аткарган мамлекеттеги пенитенциардык мекемелердин укуктук ченемдери женүнде маалымат.
8-берене.
Бул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар өздөрүнүн расмий тилдерин англис тилине которуу менен колдонот.
9-берене.
1. Тараптардын компетенттүү органдары соттолгон адамга өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап боюнча көрүлгөн чаралар жана чечимдер жөнүндө маалымдоого тийиш.
2. Тараптардын ар бири экинчи Тараптан өткөрүп берүүгө байланыштуу кошумча маалыматтарды же документтерди сурап алышы мүмкүн.
10-берене.
1. Өткөрүп берүү жактырылгандан кийин өкүм чыгарган мамлекет соттолгон адамды өкүмдү аткаруу мамлекетине макулдашылган убакытта жана жерде өткөрүп берет.
2. Өкүмдү аткаруу мамлекети соттолгон адамды ташуу менен байланышкан жана анын аймагында өкүмдү аткаруу менен байланышкан бардык чыгымдарды тартат.
3. Камалгандарды өткөрүп берүү жана жол-жоболор жөнүндө чечимди кабыл алуу Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан ишке ашырылат.
11-берене.
Соттолгон адамды алгандан кийин өкүмдү аткарган мамлекет төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) өкүмдү аткаруу тартиби жана жол-жоболору анын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш;
2) өкүмдү аткаруу жазанын мөөнөтүн жана аны өтөөнүн шарттарын өзгөртпөстөн соттун чечимине ылайык келүүгө тийиш. Кандай гана болбосун жаза күчөтүлүшү мүмкүн эмес. Эгерде өкүмдү аткарган мамлекеттин мыйзамдарында жазанын максималдуу мөөнөтү өкүм чыгарган мамлекет тарабынан аныкталган жаза мөөнөтүнөн аз болсо, өкүмдү аткарган мамлекет ушул сыяктуу кылмыш үчүн анын мыйзамдарында каралган жазанын максималдуу мөөнөтүн белгилөөгө тийиш;
3) өкүмдү аткарган мамлекет эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны же жол-жобону акчалай өндүрүп алууга алмаштырбоого милдеттенет.
12-берене.
1. Соттолгон, өткөрүп берилген адамга карата мунапыс берүү же ырайым кылуу өкүм чыгарган мамлекет тарабынан гана колдонулушу мүмкүн.
2. Өкүм чыгарган мамлекет өкүмдү аткарган мамлекетке анын аймагында кабыл алынган, өкүмдү же анын бир бөлүгүн аткарууну токтотууга алып келген кандай гана чечим же жол-жобо болбосун токтоосуз кабарлайт. Өкүмдү аткарган мамлекеттин компетенттүү органдары мындай чечимди токтоосуз аткарууга тийиш.
3. Өкүмдү аткарган мамлекет өкүм чыгарган мамлекеттин алдын ала жазуу жүзүндөгү жактыруусу менен өткөрүп берилген соттолгон адамга мунапыс же ырайымды колдонууга укуктуу.
13-берене.
Өкүм чыгарган мамлекет соттолгон адамга карата чыгарылган өкүмдү кайра карап чыгууга багытталган кандай болбосун жол-жоболорго карата өзгөчө соттук жана укуктук юрисдикцияга ээ.
14-берене.
Өкүмдү аткарган мамлекет өкүмдү күчүн жоготту деп жарыялоо жөнүндө өзүнүн чечими жөнүндө өкүм чыгарылган мамлекеттин билдирүүсүн алгандан кийин өкүмдү аткарууну токтотот.
15-берене.
Өкүмдү аткарган мамлекет ушул Макулдашууга ылайык өткөрүп берилген соттолгон адамды өкүм чыгарылган мамлекетте соттолгон ошол эле жосундар үчүн кайрадан жазык жоопкерчилигине тартууга укугу жок.
16-берене.
Өкүмдү аткарган мамлекет өкүм чыгарган мамлекетке төмөнкүлөр жөнүндө кабарлайт:
1) жазанын мөөнөтү аяктагандыгы жөнүндө;
2) соттолгон адамдын качышы жана көрүлгөн чаралар жөнүндө;
3) өкүм чыгарган мамлекет тарабынан берилген өкүмдү аткарууга байланыштуу бардык суроо-талаптар жөнүндө.
17-берене.
Эгерде Тараптардын бири экинчи Тараптын аймагы аркылуу үчүнчү мамлекеттен өзүнүн жаранын транзит менен өткөрүүнү кааласа, эгерде мындай жол-жобо анын мыйзамдарына каршы келбесе, мындай транзитке уруксат берүү жөнүндө суроо-талапты экинчи Тарапка жөнөтөт. Транзит боюнча координациялоо эки Тараптын тең ушул Макулдашуунун аткарылышы үчүн жооптуу болгон компетенттүү органдары аркылуу ишке ашырылат.
18-берене.
Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашууну ишке ашыруунун кыйла натыйжалуу ыкмалары боюнча бири-бири менен кеңеше алышат. Алар ошондой эле ушул Макулдашууну колдонууну жеңилдетүү үчүн зарыл болгон практикалык чаралар жөнүндө макулдаша алышат.
19-берене.
Тараптар ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыккан бардык пикир келишпестиктерди өздөрүнүн компетенттүү органдарынын ортосунда эки тараптуу кеңешүүлөр аркылуу чечүүгө милдеттенишет. Макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, кеңешүүлөр Тараптардын дипломатиялык каналдары боюнча өткөрүлөт.
20-берене.
Бул Макулдашуу ал күчүнө киргенге чейин жана андан кийин Тараптардын компетенттүү сот органдары тарабынан чыгарылган эркиндигинен ажыратуу менен байланышкан бардык өкүмдөргө карата колдонулат.
21-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар катышуучу болуп саналган башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
22-берене.
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптар аяктагандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар ушул берененин 1-пунктунда каралган жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор же башка расмий документтер менен таризделет.
23-берене.
1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
2. Ар бир Тарап бул жөнүндө экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлоо менен бул Макулдашуунун колдонулушун каалаган убакта токтотууга укуктуу жана анын колдонулушу мындай билдирүүнү алган күндөн тартып алты (6) ай өткөндөн кийин токтотулат. Бирок, бул ушул Келишим күчүндө болгон убакытта жиберилген өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптарга таасирин тийгизбейт.
20___-жылдын ________/_______/______________ шаарында (______ _____14....Н ылайык келет), эки нускада ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Сауд Аравия Королдугу үчүн |
___________________________ |
| ___________________________ |