Сравнение редакций…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 638-т тескемесине) |
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары - ММБР ВАМС) максаттарын жана милдеттерин белгилейт, анын иштеши үчүн керектүү маалымат булактарын, аларды берүү тартибин, ошондой эле ага катышуучулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн курамы жана түзүмү жөнүндө маалыматтарды камтыган, системалаштырылган мамлекеттик маалыматтык ресурс;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик орган, анын ведомстволук же тармактык баш ийүүсүндө төмөн турган баланс кармоочулар боюнча эсепке алуунун жана инвентаризациялоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды топтоочу мамлекеттик ишканалар жана мекемелер иштейт;
мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/маалымат системасынын ээси - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд;
маалыматтарды иштеп чыгуу борбору - техникалык каражаттардан турган, карап көрүү үчүн жеткиликтүү маалымат базасынын негизинде мамлекеттик менчик жана активдер жөнүндө маалыматты жайгаштырууну, иштеп чыгууну жана пайдаланууну камсыздаган программалык-аппараттык комплекс;
мамлекеттик уюмдар - мамлекеттик мүлкү бекитилген мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттик мекемелер;
мамлекеттик мекеме (же бюджеттик мекеме) - иши мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган, башкаруучулук, социалдык-маданий, илимий-техникалык же башка коммерциялык эмес мүнөздөгү функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик орган же мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн мекеме;
ММБР ВАМСтын катышуучулары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик уюмдары;
мамлекеттик мүлктү эсепке алуу - мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүү үчүн эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматты чогултуунун жана жалпылоонун иреттелген системасы;
эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу - жаңылоо, толуктоо, өзгөртүү жана мамлекеттик мүлктүн курамы жөнүндө иш жүзүндөгү, объективдүү жана адекваттуу маалыматты эсепке алуу маалыматтарында чагылдырууга мүмкүндүк берген башка иш-аракеттер аркылуу жүзөгө ашырылуучу каттап жазуу (каттоо);
баланс кармоочу - мамлекеттик менчиктеги мамлекеттик уюмдар, мекемелер жана ишканалар, анын ичинде чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда мамлекеттик мүлкү бар мамлекеттик органдар;
маалымат системасынын оператору - маалымат системасын пайдалануу, аны техникалык жана программалык коштоо боюнча ишти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы.
3. ММБР ВАМСта мамлекеттик мүлктү эсепке алуу маалыматтык максаттарга арналган жана укук белгилөөчү же укук күбөлөөчү мааниге ээ эмес.
4. ММБР ВАМС маалыматтары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине таандык.
5. ММБР ВАМС төмөнкү максаттарда түзүлгөн:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган мүлктү борборлоштуруп эсепке алууну камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкү жөнүндө маалымат системасын киргизүү;
- мамлекеттик менчиктин бардык объекттери жөнүндө маалыматтарды берүүнүн бирдиктүү ченемдерин жана эрежелерин белгилөө;
- ММБР ВАМС объекттери жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу жана үзгүлтүксүз маалымат берүүнү камсыздоо;
- ММБР ВАМСта эсепке алынган мамлекеттик мүлктүн курамындагы жана түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө карата контроль жүргүзүү.
6. ММБР ВАМСтын катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ММБР ВАМС маалымат системасынын ээси;
- санариптештирүү, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ММБР ВАМС маалымат системасынын оператору;
- бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде ведомстволук уюмдар, - ММБР ВАМСка маалыматтарды киргизүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдар;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы - мамлекеттик уюмдарга мамлекеттик аудит жүргүзүүдө ММБР ВАМСтын маалыматтарын пайдалануучу мамлекеттик уюм.
7. ММБР ВАМСта эсепке алуу объекттери (мындан ары - эсепке алуу объекттери) болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлк (имараттар, курулмалар жана жер участоктору);
- мамлекетке таандык акционердик коомдордун акциялары жана жоопкерчилиги чектелген коомдордун уставдык капиталындагы катышуу үлүштөрү;
- жеке жана юридикалык жактарга ишенимдүү жана ыкчам башкарууга, ижарага жана акысыз пайдаланууга берилген мамлекеттик мүлк;
- менчиктештирилген мамлекеттик ишканаларда жооптуу сактоодо (пайдаланууда) турган мамлекеттик менчиктин объекттери (мектепке чейинки балдардын мекемелери, жатаканалар, дарыканалар, ден соолукту чыңдоо-дарылоо мекемелери жана башка социалдык инфратүзүмдүн объекттери);
- мамлекетке таандык интеллектуалдык менчиктин продуктулары (объекттери);
- инфратүзүмдүн объекттери - мамлекеттик маанидеги жолдор, магистралдык темир жолдор, гидротехникалык курулмалар, жасалма көлмөлөр жана башка мамлекеттин менчигинде турган инженердик курулмалар;
- мамлекеттик уюмдарга катталган автомобилдик жана темир жол транспорт каражаттары, аба жана суу кемелери;
- мамлекетке таандык курулуп бүтпөгөн объекттер;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан мамлекеттик мүлк (анын ичинде дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана консулдук мекемелерге пайдаланууга берилген мамлекеттик мүлк);
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү эрежелеринде аныкталган мамлекеттик мүлктүн башка түрлөрү (категориялары).
2. ММБР ВАМСтын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
8. ММБР ВАМСтын маалымат системасынын оператору:
- ММБР ВАМСтын серверлерин башкарат жана техникалык жактан тейлейт;
- Интернет тармагына кошулган ММБР ВАМСтын серверлерин коргоону камсыздайт;
- координациялоочу орган менен өз ара аракеттенүү аркылуу ММБР ВАМСты натыйжалуу пайдаланууну, тейлөөнү жана өнүктүрүүнү камсыздайт;
- координациялоочу орган менен макулдашуу боюнча ММБР ВАМСты башкарууга жол берилген ведомстволук мекемени жана конкреттүү кызмат адамдарын аныктайт;
- системанын бузулушунун же профилактикалык жумуштарды жүргүзүүнүн натыйжасында ММБР ВАМСтын ишинин аргасыз токтотулушу жөнүндө ММБР ВАМСтын катышуучуларына кабарлайт;
- ММБР ВАМСты башкарууга жол берилген кызмат адамдарынын функциялык милдеттериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө координациялоочу органга кабарлайт.
9. ММБР ВАМСтын маалымат системасынын ээси:
- ММБР ВАМСка маалыматтардын түшүү убактысы менен көлөмүнүн шайкештигин контролдойт;
- ММБР ВАМСтын катышуучуларынын кайрылууларынын негизинде алардын операторлоруна системага кирүү укугун берет жана системада алар аткаруучу функциялар боюнча жазма буйруктарды жазып калтырат. Кийин ММБР ВАМСтын катышуучуларына кабарлоо менен операторлордун функцияларын жана алардын кирүү укугун өз алдынча өзгөртүүгө, редакциялоого жана алып салууга укуктуу;
- ММБР ВАМСтын катышуучуларынын операторлору тарабынан аткарылуучу иш-аракеттердин ММБР ВАМСты эксплуатациялоонун жазылган функцияларына шайкештигин контролдойт;
- ММБР ВАМСтын катышуучуларынын операторлорунун кирүү укугун өзгөртүүлөрдүн таржымалын жазууну жүргүзөт.
10. Ведомстволук уюмдарды кошо алганда, мамлекеттик органдар:
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды ММБР ВАМСка киргизет;
- жыл сайын мамлекеттик органдын актуалдаштырылган түзүмүн жана реестрге жетүү мүмкүндүгүн аларга берүү үчүн өз кызматкерлеринин тизмелерин жиберет;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы мамлекеттик уюмдарга, ишканаларга жана мекемелерге мамлекеттик аудит жүргүзүүдө ММБР ВАМСтын маалыматтарын пайдаланат.
Киргизилип жаткан маалыматтын толуктугу, өз убагындалыгы жана ишенимдүүлүгү үчүн жеке жоопкерчиликти мамлекеттик уюмдардын жетекчилери жана башкы бухгалтерлери тартат.
3. Координациялоочу органдын жана ММБР ВАМСтын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү тартиби
11. Эсеп алуу объекттери жөнүндө маалыматтар мамлекеттик уюмдар тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет (өз ыйгарым укуктарынын чегинде).
Жеке идентификациялык салык номерлери (ИСН) жок мекемелер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасында иштеген чет өлкөдөгү мекемелер, дипломатиялык өкүлчүлүктөр тиешелүү жогору турган Кыргыз Республикасынын министрлигине же ведомствосуна эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматты жыл сайын 15-мартка чейин берет. Мындай мекемелердин эсепке алуу объекттери (мамлекеттик мүлк) боюнча маалыматтарды киргизүү тиешелүү министрликте (ведомстводо) борборлоштурулуп уюштурулат жана жүзөгө ашырылат.
12. ММБР ВАМСты жүргүзүү жана актуалдаштыруу үчүн мамлекеттик уюмдар жыл сайын 1-апрелге чейин эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматты беришет.
13. Реестрди жүргүзүү реестрди башкарууну оптималдаштырууга жана маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана сактыгын камсыздоочу маалыматка жетүүнү башкарууга мүмкүндүк берүүчү адистештирилген программалык-техникалык комплекстердин базасында маалыматты чогултуунун, иштетүүнүн жана сактоонун электрондук системасынын каражаттарынын жардамы менен ишке ашырылат.
14. ММБР ВАМСтын маалыматтарына жетүү веб-портал аркылуу камсыздалат.
15. Реестрге кирүү күнү-түнү режиминде камсыздалат.
ММБР ВАМС маалымат системасынын оператору беш жумуш күндөн кечиктирбестен мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ММБР ВАМС ишиндеги пландалган техникалык тыныгуулар жөнүндө мындай маалыматты реестрдин веб-порталына жайгаштыруу менен кабарлайт.
16. Мамлекеттик менчикти эсепке алууну камсыздоо боюнча жумуштарды каржылоо мамлекеттик органдар тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген башка булактардан тартылган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 638-т тескемесине) |
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары - ММБР ВАМС) максаттарын жана милдеттерин белгилейт, анын иштеши үчүн керектүү маалымат булактарын, аларды берүү тартибин, ошондой эле ага катышуучулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн курамы жана түзүмү жөнүндө маалыматтарды камтыган, системалаштырылган мамлекеттик маалыматтык ресурс;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик орган, анын ведомстволук же тармактык баш ийүүсүндө төмөн турган баланс кармоочулар боюнча эсепке алуунун жана инвентаризациялоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды топтоочу мамлекеттик ишканалар жана мекемелер иштейт;
мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/маалымат системасынын ээси - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд;
маалыматтарды иштеп чыгуу борбору - техникалык каражаттардан турган, карап көрүү үчүн жеткиликтүү маалымат базасынын негизинде мамлекеттик менчик жана активдер жөнүндө маалыматты жайгаштырууну, иштеп чыгууну жана пайдаланууну камсыздаган программалык-аппараттык комплекс;
мамлекеттик уюмдар - мамлекеттик мүлкү бекитилген мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттик мекемелер;
мамлекеттик мекеме (же бюджеттик мекеме) - иши мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган, башкаруучулук, социалдык-маданий, илимий-техникалык же башка коммерциялык эмес мүнөздөгү функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик орган же мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн мекеме;
ММБР ВАМСтын катышуучулары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик уюмдары;
мамлекеттик мүлктү эсепке алуу - мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүү үчүн эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматты чогултуунун жана жалпылоонун иреттелген системасы;
эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу - жаңылоо, толуктоо, өзгөртүү жана мамлекеттик мүлктүн курамы жөнүндө иш жүзүндөгү, объективдүү жана адекваттуу маалыматты эсепке алуу маалыматтарында чагылдырууга мүмкүндүк берген башка иш-аракеттер аркылуу жүзөгө ашырылуучу каттап жазуу (каттоо);
баланс кармоочу - мамлекеттик менчиктеги мамлекеттик уюмдар, мекемелер жана ишканалар, анын ичинде чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда мамлекеттик мүлкү бар мамлекеттик органдар;
маалымат системасынын оператору - маалымат системасын пайдалануу боюнча ишти, аны техникалык жана программалык коштоону жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. ММБР ВАМСта мамлекеттик мүлктү эсепке алуу маалыматтык максаттарга арналган жана укук белгилөөчү же укук күбөлөөчү мааниге ээ эмес.
4. ММБР ВАМС маалыматтары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине таандык.
5. ММБР ВАМС төмөнкү максаттарда түзүлгөн:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган мүлктү борборлоштуруп эсепке алууну камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкү жөнүндө маалымат системасын киргизүү;
- мамлекеттик менчиктин бардык объекттери жөнүндө маалыматтарды берүүнүн бирдиктүү ченемдерин жана эрежелерин белгилөө;
- ММБР ВАМС объекттери жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу жана үзгүлтүксүз маалымат берүүнү камсыздоо;
- ММБР ВАМСта эсепке алынган мамлекеттик мүлктүн курамындагы жана түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө карата контроль жүргүзүү.
6. ММБР ВАМСтын катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ММБР ВАМС маалымат системасынын ээси;
- ММБР ВАМС маалымат системасынын оператору;