Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 21-ноябры № 637-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:
- 26-пункттун "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "транспорт жана коммуникациялар министри" деген сөздөр "экономика жана коммерция министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |