Загрузка документа…
Долбоор
|
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданий борборунун ортосундагы "Кыргыз Республикасында маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын иштеп чыгуу жана маданият жаатындагы контентти түзүү үчүн потенциалды күчөтүү" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги" деп аталуучу) жана Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданий борбору (мындан ары "АМБ" деп аталуучу) (мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучу),
2013-жылдын 19-ноябрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууну, ошондой эле 2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашууну жетекчиликке алуу менен,
эки өлкөнүн ортосундагы маданият жаатындагы кызматташтыкты чыңдоону каалап,
Кыргыз Республикасында маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын түзүү жана маданий контентти түзүү үчүн потенциалды күчөтүү максатында,
төмөнкүдөй түшүнүккө келди:
1-берене
Максаты
Бул өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун максаты "Кыргыз Республикасында маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын иштеп чыгуу жана маданият жаатындагы контентти түзүү үчүн потенциалды күчөтүү" долбоорун (мындан ары "Долбоор" деп аталуучу) ишке ашыруу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасын маданий жактан туруктуу өнүктүрүү боюнча Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы өз ара кызматташуусуна көмөк көрсөтүү үчүн Тараптардын ортосундагы кызматташуу болуп саналат.
Долбоор 2013-жылдын 19-ноябрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашуунун жана 2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашуунун жоболоруна ылайык ишке ашырылат.
2-берене
Долбоордун баяндалышы
1. Долбоордун аталышы
"Кыргыз Республикасында маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын иштеп чыгуу жана маданият жаатындагы контентти түзүү үчүн потенциалды күчөтүү".
2. Долбоордун максаттары
а) Кыргыз Республикасын маданий жактан туруктуу өнүктүрүү;
б) Кыргыз Республикасында маданий ресурстарды жана маалыматтык технологияларды (МТ) бириктирүү аркылуу инновациялык маданий индустрияны өнүктүрүү;
в) маданий ресурстарды башкаруу жана маданият жаатындагы контентти түзүү жаатындагы мамлекеттик башкаруунун потенциалын чыңдоо.
3. Долбоорду ишке ашыруу мезгили
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2022-жылдын августунан 2025-жылдын декабрына чейин.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү аны ишке ашыруунун жүрүшүнө жараша өзгөртүлүшү мүмкүн.
4. Долбоордун географиялык камтуусу
Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтыйт.
5. Долбоордун бюджети
а) АМБ төрт жылга 3000000000 (3 миллиард) вон өлчөмүндө грант берет;
б) Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги Долбоорду өткөрүп берүү аркылуу туруктуу башкаруу жана өткөөл иштөөсү үчүн жооптуу персоналга жана IT-түйүндөрүнүн чыгымдарына тийиштүү бюджетти камсыз кылат.
6. Долбоорду ишке ашыруу
АМБ Долбоорду жүргүзүү үчүн Долбоорду башкаруу боюнча консалтингдик мекемени тандайт жана Долбоорду башкаруу комитетин түзөт, ал Долбоорду башкаруу жана көзөмөлдөө үчүн АМБ жана Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги менен кызматташып иштейт.
7. Өнөктөш уюмдар
Бул Долбоордун негизги өнөктөштөрү жана бенефициар мекемелери болуп: Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи жана Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясынын борбору саналат жана алар Тараптардын ортосундагы өз ара консультацияларга ылайык өзгөрүшү мүмкүн.
3-берене
Долбоордун программасы
Долбоордун жогоруда көрсөтүлгөн максатына жана милдеттерине жетүү үчүн Долбоордун программасы төмөндөгүдөй, ал Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн:
1. Маданий ресурстарды башкаруунун интеграцияланган санариптик системасын түзүү жана иштетүү (мындан ары "Система" деп аталуучу);
а) Системаны иштеп чыгуу (веб-сайт/мобилдик версия);
б) маданий ресурстарды чогултуу, киргизүү жана башкаруу системасын түзүү;
в) маданий ресурстарды санариптик архивдөө аркылуу Системаны түзүү;
г) Системаны түзүү жана иштетүү үчүн окутуу жана тренинг кылуу;
д) Системанын иштешин жана башкарууну техникалык колдоо;
е) Системадагы маданий ресурстар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу аркылуу коомчулукка жеткиликтүү кылуу үчүн чаралар.
2. Маданият жаатындагы контентти биргелешип иштеп чыгуу жана пайдалануу:
а) Кыргыз Республикасындагы материалдык жана материалдык эмес маданий ресурстардын абалын изилдөө;
б) Системага жүктөлгөн маданий ресурстарды пайдалануу менен маданият жаатындагы контентти иштеп чыгуу;
в) музейлердин санариптик көргөзмөлөрүн жана маданий контентин пландоо жана биргелешип иштеп чыгуу;
г) Системаны жана АМБнын маданий ресурсунун архивдөө системасын байланыштыруу жана пайдалануу;
д) маданият жаатындагы контентти өнүктүрүү жана пайдалануу үчүн техникалык камсыз кылуу.
3. Потенциалды жогорулатуу программасы:
а) чакыруу боюнча окутуу;
1) маданият чөйрөсүнүн жетекчилери жана кураторлору үчүн окутуу;
2) IT-адистерин окутуу;
3) маданият жаатындагы контингентти биргелешип иштеп чыгуу үчүн окутуу;
б) эксперттерди жөнөтүү аркылуу жеринде потенциалды күчөтүү боюнча программа;
1) жергиликтүү IT-адистеринин жана маалыматтарды жүктөөчү адистеринин компетенттүүлүгүн чыңдоо;
2) маданий контентти биргелешип иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү потенциалды күчөтүү.
4. Мониторинг жана баалоо
Тараптар өз ара консультациялар аркылуу ушул Меморандумдун алкагында Долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшүн мезгил-мезгили менен көзөмөлдөп турушат. Мониторинг жана баалоо негизинен Долбоорду башкаруу боюнча консалтинг мекемеси (ДКМ) жана Долбоордун башкаруучу комитети (ДБК) тарабынан Тараптардын ортосундагы консультациялардын алкагында жүзөгө ашырылат. Эки Тарап тең Долбоордун максаттарына жетүү үчүн жетишсиз деп табылган жааттарда өз ара консультациялар аркылуу зарыл чараларды көрүшөт.
5. Кореялык адистерди жиберүү:
а) маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын түзүү жана иштетүү боюнча эксперттер;
б) маданий ресурстардын азыркы абалын изилдөө жана маданият жаатындагы контентти биргелешип иштеп чыгуу үчүн изилдөөчүлөр;
в) өнүктүрүү максатында расмий жардамдын (ӨРЖ) эксперттери: Долбоордун менеджери, долбоордун операторлору, мониторинг жана баалоо боюнча жетекчилер.
6. Долбоордун башкаруучу комитетинин (ДБК) иши:
а) ДБКнын ролу жана милдеттери: Долбоорду көзөмөлдөө жана чечимдерди кабыл алуу;
б) ДБК Тараптардын биргелешкен чечимдери аркылуу түзүлөт;
в) ДБК үч айда бир жолу чогулат.
4-берене
АМБнын милдеттери
1. АМБ Корея Республикасынын мыйзамдарына жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумдун 2, 5-беренелеринин жоболоруна ылайык жардамдын бюджетинин чегинде төмөнкү гранттарды камсыз кылат:
а) Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин кызмат адамдарын жана өкүлдөрүн, ошондой эле музей кызматкерлерин окуу программаларына чакыруу;
б) Кыргыз Республикасына консультацияларды жана потенциалды күчөтүү боюнча окутуу программаларды өткөрүү үчүн эксперттерди жөнөтүү;
в) Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигине жабдууларды, техникаларды жана материалдарды берүү;
г) Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жайларды ижарага алуу (тренинг, семинар, конференция өткөрүү жайы);
д) Долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин тиешелүү органдары менен координациялоо.
2. АМБ Долбоордун көлөмү боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана өнөктөш уюмдар менен кызматташып 3-беренеге ылайык иш жүргүзөт, атап айтканда:
а) Системаны түзүү жана иштетүү;
б) маданият жаатындагы контентти биргелешип иштеп чыгуу жана пайдалануу;
в) потенциалды күчөтүү боюнча программалар (чакыруу/жеринде окутуу);
г) Долбоорду башкаруу жана иштетүү үчүн мониторинг жана баалоо.
5-берене
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги
тарабынан көрүлүүчү чаралар
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги Кыргыз Республикасындагы бардык иштердин өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумга ылайык мүмкүн болушунча натыйжалуу жүргүзүлүшүн камсыз кылат:
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги:
1) бардык иш сапарга жиберилген персонал, анын ичинде аскердик жана жарандык персонал үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында ички транспорт менен бардык жиберилген персоналды, анын ичинде АМБнын персоналын жана АМБнын жалданган персоналын камсыз кылат;
3) Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги бардык иш сапарга жиберилген персоналга, анын ичинде АМБнын персоналына жана жалданма персоналга Долбоорду ишке ашыруу үчүн Маданият министрлигине жана анын ведомстволук мекемелерине эркин кирүү/чыгуу үчүн колдоо көрсөтөт;
4) Долбоорду ишке ашыруу үчүн окууларды, семинарларды, иш-чараларды жана конференцияларды уюштуруу үчүн имараттарды акысыз негизде берет;
5) Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги Система жана АМБнын маданият ресурстарын архивдөө системасынын ортосундагы байланышты колдойт;
6) маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасынын туруктуу жана натыйжалуу иштеши үчүн Кыргыз Республикасында колдонулуучу G-Cloud серверин пайдаланууну колдойт;
7) Системаны иштеп чыгууну, санариптик архивдештирүүнү, маданий ресурстар жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү, маданият жаатындагы контентти мазмунду биргелешип иштеп чыгууну, потенциалды күчөтүү үчүн окутууну колдойт;
8) Долбоор үчүн жооптуу кызматкерди дайындайт, бул тууралуу АМБга кабарлайт жана бул кызматкердин Долбоорго активдүү катышуусуна колдоо көрсөтөт.
6-берене
Жабдуулар, техникалар жана материалдар
1. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумга ылайык АМБ тарабынан берилген жабдуулар, техникалар жана материалдар жеткирилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин менчигине өтөт. Бул жабдуулар, техникалар жана материалдар, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, алар берилген максаттар үчүн пайдаланылат.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жабдууларды, техникаларды жана материалдарды ташуу боюнча чыгымдарды, ошондой эле Долбоор аяктагандан кийин алмаштыруу, тейлөө жана оңдоо боюнча чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги көтөрөт.
3. Бул Долбоорго берилген товарлардын жана жабдуулардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигине жүктөлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги бул Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жайларды биргелешкен кеңсе катары Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин же Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин базасында, ошондой эле жабдууларды орнотуу үчүн жер берет. Биргелешкен кеңседе иштөө үчүн персоналдын саны Тараптардын ортосундагы өз ара консультациялар аркылуу аныкталат.
7-берене
Форс-мажор
Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда, жүктөлгөн милдеттенмелерди толук же жарым-жартылай аткара албаган Тарап жагдай пайда болгондугу тууралуу экинчи Тарапка кечиктирбестен кабарлайт. Деталдар жазуу жүзүндө экинчи Тарапка берилет жана Тараптар көрүлө турган тийиштүү аракеттерди талкуулашат. Бул бардык долбоорлорду токтотууну же өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумду колдонууну токтотууну камтышы мүмкүн.
8-берене
Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумду чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу ар кандай пикир келишпестиктер жана талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы консультациялар аркылуу чечилет.
9-берене
Жүзөгө ашыруу, колдонууну токтотуу жана
түзөтүүлөрдү киргизүү
1. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандум ага АМБнын жана Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин өкүлдөрү кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандум, эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка аны токтотуунун күтүлүп жаткан датасына чейин үч (3) айдан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү билдирүү аркылуу аны мөөнөтүнөн мурда токтотуу ниети жөнүндө билдирбесе, 2025-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Соңку учурда Тараптар өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумдун алкагында пландалган жана ишке ашырылуучу бардык долбоорлорду жана иш-чараларды жүзөгө ашырат.
3. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумга Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Бишкек шаарында _____-жылдын "___" __________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус, корей жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер аутенттүү. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумду чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги үчүн |
| Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданий борбору үчүн |
________________________________________ |
| ________________________________________ |