Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 12-октябры ПТ № 198
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдө кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алып, төмөнкүдөй эскертме менен жактырылсын:
"Кыргыз Республикасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдө кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун 10 жана 12-беренелерин улуттук мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткарат.".
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |