Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 19-октябры № 565-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 221 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн алкагында пилоттук долбоорду жүргүзүү үчүн өткөрүү пункттарын жабдууга карата талаптар 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн алкагында пилоттук долбоорду жүргүзүү убагында пайдаланылуучу объективдүү контролдоо жана идентификациялоо каражаттарына карата талаптар 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн алкагында пилоттук долбоорду жүргүзүү убагына "санариптик жашыл транзиттик коридордун" операторуна жана уюмдарга карата талаптар 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы менен биргеликте:
1) Кытай Эл Республикасынан (мындан ары - КЭР) "Эркеч-Там авто жолу" өткөрүү пункту аркылуу, үчүнчү өлкөлөргө "Кара-Суу темир жолу" өткөрүү пункту аркылуу жана тескери багытта транзит менен товарларды ташуу менен байланышкан бажы операцияларын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүү алкагында ушул тескеме күчүнө киргенден 7 жумуш күн өткөндөн кийин 2023-жылдын 31-декабрына чейин пилоттук долбоор ушул тескеменин 4-пунктунун 5-пунктчасын эске алуу менен жүргүзсүн;
2) пилоттук долбоор башталгандан кийин 2 айдын ичинде жүрүү каттамын контролдоону жүзөгө ашырбастан транзиттик контейнерлердин автомобилдик, темир жол жана мультимодалдык ташууларынын кирүүсүнүн жана чыгуусунун жалпы санын контролдоо менен санариптик жашыл коридорлордун күнү-түнү иштөө режимин түзүү боюнча уюштуруу иш-чараларын өткөрсүн;
3) пилоттук долбоор башталгандан 2 ай өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүрүү каттамын контролдоо менен санариптик жашыл транзиттик коридорлор аркылуу өткөрүү режимин камсыздоочу адистештирилген техникалык каражаттарды жана түзүлүштөрдү колдонуу менен транзиттик автомобиль, темир жол жана мультимодалдык ташууларды жүзөгө ашырууда санариптик жашыл транзиттик коридорлорду пайдаланууга байланышкан иш-чараларды баштасын.
3. "Интеллектуалдык транзиттин оператору" ачык акционердик коому пилоттук долбоорду жүргүзүү убагында "санариптик жашыл транзиттик коридордун" операторунун функцияларын аткарууга ыйгарым укуктуу уюм болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) пилоттук долбоорду жүргүзүүдө кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин тартибин бекитсин;
2) "Интеллектуалдык транзиттин оператору" ачык акционердик коому менен өз ара аракеттенүү боюнча регламентти бекитсин;
3) мамлекеттик контролдоочу органдардын маалыматтык системалары жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөрүү пункттарында, ошондой эле жүрүү жолунда жана транспорт каражаттарынын каттамдарында бажы контролун жүзөгө ашыруу үчүн мобилдик түзүлүштөр менен маалымат алмашуу жана адистештирилген жабдуулардын өз ара аракеттенүү протоколдорун бекитсин;
4) пилоттук долбоорду уюштурууну жана аны жүргүзүүнүн жүрүшүн контролдоону камсыздасын;
5) 2023-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоордун жыйынтыктарына орто аралык баалоо жүргүзсүн, жыйынтыктары боюнча зарыл болгон учурда электрондук навигациялык пломбаларга жана "акылдуу" контейнерлерге карата талаптарга түзөтүү киргизсин жана пилоттук долбоорду андан ары жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө тиешелүү баяндаманы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берүүнү камсыз кылсын.
5. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөрдү берсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун камсыз кылуунун комплекстүү системасынын адистешкен техникалык каражаттарын жайгаштыруу үчүн жайларды;
2) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун камсыз кылуунун комплекстүү системасынын алкагында маалыматтарды чогултуу жана жайылтуу үчүн бар болгон техникалык түзүлүштөрдү жана байланыш каналдарын.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КЭРге жана транзиттик товарлардын жүрүү каттамы боюнча жайгашкан өлкөлөргө (Өзбекстан Республикасына, Түркмөнстанга, Иран Ислам Республикасына, Түркия Республикасына, Азербайжан Республикасына) жүргүзүлүп жаткан пилоттук долбоор жөнүндө маалымдасын.
7. Бул тескеме кол коюлган учурдан тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 500-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ