Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 500-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 2-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 565-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорун киргизүүнүн алкагында пилоттук долбоорду жүргүзүүдө пайдаланылуучу объективдүү контролдоо жана идентификациялоо каражаттарына карата ТАЛАПТАР
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорун киргизүүнүн алкагында пилоттук долбоорду жүргүзүүдө пайдаланылуучу объективдүү контролдоо жана идентификациялоо каражаттарына карата талаптар пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде транзиттик эл аралык автомобилдик ташууларды жана транзиттик эл аралык темир жол ташууларын жүзөгө ашырууда колдонууга тийиш болгон объективдүү контролдоо жана идентификациялоо каражаттарына карата жайылтылат.
2. Объективдүү контролдоо жана идентификациялоо каражаттары - электрондук навигациялык пломбалар (мындан ары - ЭНП) жана "акылдуу" контейнерлер (мындан ары - АК) (ичине орнотулган навигациялык блогу, маалыматтардын толуктугу (ырастыгы), бардык окуялардын тиркелген тарыхынын юридикалык маанилүүлүгү блогу, ачуу-жабуу, көлөм, согуу ж.б. датчиктери менен контейнер) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш болгон техникалык түзүлүштү билдирет:
а) төмөнкүлөрдү камтыган көп жолу колдонуучу электрондук блок (мындан ары - электрондук блок):
- АК же ЭНП бүтүндүгүнүн же ачылышынын абалын аныктоочу контролдук модуль;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген 2G же 3G же 4-5G же LTE стандарттагы уюлдук байланыш модемин жана Wifi, Bluetooth байланыш блогун камтыган коммуникациялык модуль жана антенна (антенналар);
- глобалдык навигациялык спутник системасынын башка иштеп жаткан глобалдык навигациялык спутник системалары менен биргеликте белгилерди кабыл алууну камсыз кылуучу, белгилерди жана антеннаны (антенналарды) камтыган навигациялык модуль;
- ички энергияга көз карандысыз эс тутум (32 ГБ аз эмес);
- кубаттандыруунун автономдук элементи;
- маалыматтардын толуктугунун (ырастыгынын), бардык окуялардын тиркелген тарыхынын юридикалык маанилүүлүгү блогу (мындан ары - ЮМТ блогу);
- акселерометр;
- металлдан же полимер материалдарынан жасалган электрондук блоктун корпусу;
б) пломбалоонун көп жолку элементи (ЭНП үчүн).
3. Электрондук блок электрондук навигациялык пломбаларда идентификациялоону, каттоону, сактоону жана көчмө радиотелефон байланышынын тармактары боюнча "Интеллектуалдык транзитинин оператору" ачык акционердик коомунун (мындан ары - ААК) маалыматтык системасына төмөнкү маалыматтарды өткөрүп берүүнү камсыз кылат:
а) уюлдук байланыштын сериялык номерин жана модемдин уникалдуу идентификаторун;
б) электрондук навигациялык пломбанын абалын ("коюлган жок", "коюлган", "ачылган", "электрондук блоктун корпусу ачылган") же "акылдуу" контейнердин абалын ("жабык", "ачылган", "электрондук блоктун корпусу ачылган");
в) ЭНПнын жана АКтын географиялык координаттарын (узундугу, кеңдиги);
г) ЭНПнын жана АКтын кыймылынын ылдамдыгын жана багытын;
д) датасын жана убактысын;
е) аккумулятордун зарядынын деңгээлин;
ж) байланыш белгисинин болушун жана (же) жоктугун;
з) электрондук блоктун 3 огунун багыттары боюнча ылдамдатууну (туурасынан, узатасынан жана вертикалдуу);
и) АК үчүн датчиктердин согуу, температура, нымдуулук, көлөм (жарык), эшиктин ачылышы/жабылышы белгилерин.
4. Электрондук блок "Интеллектуалдык транзиттин оператору" ААКтын маалыматтык системасынан көчмө радиобайланыш тармактары жана зымсыз байланыш тармактары боюнча ЭНП жана АК жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтардын кабыл алуусун камсыз кылат:
- башкаруу командаларын;
- программалык конфигурация параметрлерин;
- башкаруунун аткарылган командалары жана колдонулган программалык конфигурациянын параметрлери тууралуу суроо-талаптар жана жооптор, ошондой эле техникалык абалы жөнүндө маалыматтар;
- электрондук түрдөгү маалымат (транзиттик декларация, транспорттук коштомо кагаздар, эл аралык жол ташууларынын китепчеси, эсепке алуу талону, эсеп-инвойс, эсеп-фактура, таңгак кагазы, жөнөтүүчү өлкөнүн фитосанитардык сертификат, жөнөтүүчү өлкөнүн ветеринардык сертификаты, бажылык текшерип кароо актысы жана бажынын кароо актысы, ошондой эле инспекциялык текшерип кароо комплексинин сүрөттөрү жана электрондук кол тамганын улуттук каттамдарынын сертификаттары менен кол коюлган ЭНП жана АК менен бардык окуялардын тиркелген тарыхы).
5. ЭНП жана АК электрондук блогу байланыш тармактары боюнча маалыматтарды берүү үчүн "Глобалдык навигациялык спутник системасы. М жана N категорияларындагы дөңгөлөктүү транспорт каражаттары жабдуу үчүн спутниктик навигациялык аппараттар. Жалпы техникалык талаптар" МАМСТ 33472-2015 мамлекеттер аралык стандартына А жана В тиркемелеринде аныкталган транспорттук деңгээлдин протоколунун жана мониторингдик маалыматты берүү протоколуна шайкеш келген протоколдорду пайдаланат.
6. Электрондук блок төмөнкү маалыматты зымсыз байланыш тармактары боюнча адистештирилген мобилдик түзүлүшкө берүүнү камсыз кылууга тийиш:
а) уюлдук байланыштын модеминин уникалдуу идентификатору жана сериялык номери;
б) электрондук навигациялык пломбанын абалы ("коюлган жок", "коюлган", "ачылган", "электрондук блоктун корпусу ачылган") же "акылдуу" контейнердин абалы ("жабык", "ачылган", "электрондук блоктун корпусу ачылган");
в) аккумулятордун зарядынын деңгээли;
г) адистештирилген мобилдик түзүлүштөр же маркалоо каражаттары (белгилер) менен идентификациялоо үчүн билдирүүлөр.
7. Электрондук блок ЮМТ блогун колдонуу менен ушул документтин 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтын аныктыгын жана толуктугун камсыз кылууга тийиш.
ЭНП электрондук блогу транспорт каражатынын бүткүл жүрүү жолунда электрондук навигациялык пломбанын абалы жөнүндө маалыматты визуалдык чагылдырууну камсыз кылуусу тийиш ("активдештирилди", "санкцияланбаган ачуу", "бузулган", "деактивдештирилди", "батареянын зарядынын деңгээли төмөн", "пломбалоо операторунун маалыматтык системасы менен байланыштын жоктугу").
8. ЭНП жана АК маалыматты интеллектуалдык транзиттин операторунун маалыматтык системасына 2 саатта 1 жолудан кем эмес, ал эми санкцияланбаган ачууда же иштөө жөндөмдүүлүгү жана бүтүндүгү бузулганда - токтоосуз түрдө берүүнү камсыз кылууга тийиш. Көчмө радиотелефон байланыш тармактары боюнча маалыматты берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ЭНП жана АКнын ички энергияга көз карандысыз эс тутумда сакталган маалымат көчмө радиотелефон байланыш тармактары боюнча берүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондо автоматтык түрдө берилиши керек.
9. ЭНП жана АКта колдонулган ЮМТ блогу маалыматтык коопсуздук боюнча ЕАЭК тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
10. ЭНП жана АК корпусу IEC 60529:2013 "Каптама менен камсыздалган коргоо даражалары (Код 1Р)" мамлекеттер аралык стандарттын талаптарына ылайык IP67 коргоо даражасын кароого тийиш.
11. Автономдуу кубаттандыруу элементи автомобиль транспортунун же темир жол кыймылдуу курамынын транспорт каражатынын бүткүл жүрүү жолунда ЭНПнын жана АКтын иштөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
12. ЭНП жана АК иштеши керек болгон айлана-чөйрөнүн температурасынын иштөө диапазону минус 40 градус Цельсиядан плюс 70 градус Цельсияга чейин болушу зарыл.
13. ЭНП жана АК уникалдуу сериялык номерге ээ болууга тийиш, ал тууралуу маалымат ички энергияга көз карандысыз эс тутумда камтылышы керек жана электрондук блоктун корпусунда басылууга тийиш.
14. ЭНП жана АКты идентификациялоо электрондук блоктон интеллектуалдык транзиттин операторунун маалыматтык системасына стандарттын уюлдук байланыш модеми аркылуу ЭНП жана АКтын уникалдуу идентификаторун жана уникалдуу сериялык номерди өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
15. ЭНП жана АК зымсыз байланыш тармактар аркылуу ЭНП жана АК менен иштеген адистештирилген мобилдик түзүлүштөрдүн же маркалоо каражаттарынын (белгилеринин), ошондой эле интеллектуалдык транзиттин операторунун маалыматтык системасынан келип түшүүчү командалардын аныктыгын текшерүүнү жана аутентификациясын камсыз кылууга тийиш.
16. Кызматтык маалыматты сактоо үчүн ЭНПнын жана АКтын энергияга көз карандысыз эс тутумунун жалпы көлөмү (ЭНП жана АК кыймылынын трегин жазуу, пломбалоонун көп жолу колдонулуучу элементинин жана корпустун, ички программалык камсыздоонун бүтүндүк абалын жазуу) 32 ГБ кем эмес болууга жана 16 ГБ көлөмү менен милдеттүү резервдөө модулун камтууга тийиш.
17. Автомобиль транспортунун жана темир жол кыймылдуу курамынын транспорт каражаттарынын жүк орундарына (бөлүктөрүнө), жайларга, сыйымдуулуктарга жана башка товарлар жайгашкан жерлерге электрондук навигациялык пломба көмөкчү инструменттерди колдонбостон кол менен салынууга (алып салууга) тийиш.
18. ЭНП пломбалоонун көп жолу колдонулуучу элементи ар кандай узундуктагы пломбалоонун көп жолу колдонулуучу элементи менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн электрондук блоктон толугу менен ажыратылышы зарыл.
19. Эгерде объективдүү контролдоо жана идентификациялоо каражаттары ушул тартиптин талаптарына ылайык келсе, анда алар "Интеллектуалдык транзиттин оператору" ААКтын "акылдуу" контейнерлериндеги объективдүү контролдоонун пилоттук долбоорго жол берилген электрондук навигациялык пломбаларынын жана каражаттарынын реестрине (мындан ары - ЭНП жана АК реестри) киргизилет.
20. Пилоттук долбоорго ЭНП жана АК реестрине киргизилген объективдүү контролдоо жана идентификациялоо каражаттарына жол берилет.