Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 500-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 565-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорун киргизүүнүн алкагында пилоттук долбоорду жүргүзүү үчүн өткөрүү пункттарын жабдууга ТАЛАПТАР
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорун киргизүүнүн алкагында пилоттук долбоорду жүргүзүү үчүн өткөрүү пункттарын жабдууга талаптар (мындан ары - Талаптар), пилоттук долбоорду жүргүзгөн мезгилде Кыргыз Республикасынын өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун ар түрдүү этаптарында маалыматтык технологиялардын, бизнес-процесстердин, техникалык чечимдердин жана инфраструктуралык элементтердин жыйындысын көрсөтөт.
2. Өткөрүү пункттарын жабдуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарлардын жана транспорт каражаттарын өткөрүү пунктунда транспорт каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү контролдоонун зарыл процесстеринин убактысын кыскартууда ишенимдүүлүктү жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, контролдоочу органдар тарабынан тиешелүү милдеттерди чечүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды натыйжалуу колдонууну камсыз кылуу болуп саналат.
3. Өткөрүү пункттарын жабдуунун жана санариптик жашыл транзиттик коридорлор аркылуу өткөрүүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- жогорку технологиялык заманбап жабдууларды пайдалануу;
- маалыматтык агымдарды санариптештирүү;
- контролдоонун бардык этаптарында операциялык жол-жоболорду стандартташтыруу;
- өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын өркүндөтүү.
4. Өткөрүү пунктунун технологиялык элементтери операцияларды жүргүзүүнү жана мамлекеттик контролдоонун бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууну кыска мөөнөттө жана интеграциянын жогорку натыйжалуулугу менен камсыз кылууга тийиш.
5. Техникалык комплекстердин ишинин натыйжалары контролдоонун техникалык каражаттарынан алынган жана кызыкдар жактар тарабынан мамлекеттик контролдоо органдарына берилген маалыматтардын бүтүндөй жыйындысынын тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу менен талдоого алынууга тийиш.
6. Автомобилдик жана темир жол өткөрүү пункттары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- өткөрүү пунктунда бардык мамлекеттик контролдоочу органдар үчүн кеңейтилген алдын ала маалыматтарды кабыл алуу түйүнү катары иштөө мүмкүнчүлүгү;
- өткөрүү пунктунда пайдаланылуучу техникалык каражаттарды программалык камсыздоону жана мамлекеттик контролдоочу органдардын маалыматтык системалары менен интеграциялоо;
- транспорт каражаттарынын жүрүүсүн контролдоо (транспорт каражаттарын жана контейнерлердин каттоо номерлерин окуу жана таануу функциясы менен визуалдаштыруу системасы, алардын жүрүүсүн диспетчеризация);
- электрондук кезек системасын ишке ашыруу.
7. Мамлекеттик контролду жүргүзүү үчүн өткөрүү пункттары ушул Талаптардын 8-18-пункттарында аныкталган зарыл болгон техникалык каражаттар жана жабдыктар менен жабдылат.
8. "Акылдуу контейнерлерде" электрондук навигациялык пломбалар же объективдүү контролдоо блоктору менен иштөөнүн техникалык каражаттарынын комплекси (мындан ары - АК жана ЭНП ТКК).
Объективдүү контролдоо каражаттарын - электрондук навигациялык пломбаларды (мындан ары - ЭНП) же "акылдуу" контейнерлерди (мындан ары - АК) (ичине орнотулган навигациялык блогу, маалыматтардын толуктугу (ырастыгы), бардык окуялардын камтылган тарыхынын юридикалык маанилүүлүгү блогу, ачуу-жабуу, көлөм, согуу ж.б. датчиктери менен контейнер) пайдаланган контейнерлер жана транспорт каражаттары менен иштөө комплекстери ЭНП жана АК менен бажылык, товар коштоочу жана башка документтери жөнүндө маалыматтар блогун түзүүнү, ошондой эле түзүлгөн маалыматтар блогун байланыштын корголгон каналдары аркылуу бажы органдарынын бирдиктүү маалыматтык системасына өткөрүп берүүнү үзгүлтүксүз автоматтык режимде күнү-түнү камсыз кылууга тийиш.
9. Идентификаторду окуу үчүн автомобилдик өткөрүү пункттарынын аймагында транспорт каражаттарынын кире бериш жеринде орнотулган маалыматты аралыктан окуу үчүн стационардык түзүлүштөр.
10. Өткөрүү пунктуна кирүүгө уруксат берген идентификатор алдын ала маалыматты иштетүүнүн жыйынтыгы боюнча, анын ичинде дарбазаны (шлагбаумду) автоматтык түрдө ачуу үчүн белги катары кызмат кылган окуу тобокелдиктерин башкаруу системасын колдонуу менен берилген мамлекеттик контролдоочу органдардын чечимдеринин негизинде берилет.
11. Ташылуучу товарларды, эл аралык ташуулардын транспорт каражаттарын радиациалык контролдоону, ар бир өткөн транспорт каражаты боюнча радиациялык контролдун натыйжаларынын маалыматтар блогун түзүүнү жана түзүлгөн маалыматтар блогун бажы кызматынын бирдиктүү маалыматтык системасына өткөрүп берүүнү үзгүлтүксүз автоматтык режимде күнү-түнү камсыз кылуучу радиациялык контролдоонун автоматташтырылган комплекси.
12. Ар бир өткөн транспорт каражаты боюнча маалыматтар блогун жана фотоматериалдар комплектин түзүүнү жана түзүлгөн маалыматтар блогун чогултуу комплексине өткөрүп берүүнү жана байланыш каналдары боюнча маалыматтарды өткөрүп берүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик каттоо белгилерин таануу комплекси.
13. Транспорт каражаттарын тилке таразасына тартууну жана транспорт каражатынын суммардык массасын эсептеп чыгарууну камсыз кылуучу салмакты контролдоо системасы.
14. Өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн начарлатпастан өткөрүү пунктунан кесилишкен автотранспорт каражаттары жана темир жол курамдарын сканерлөөнү камсыз кылуучу порталдык, мобилдик жана стационардын типтеги инспекциялык текшерип кароо комплекси (мындан ары - ИТК).
15. ИТК автотранспорт каражаты, ташылуучу товар жөнүндө тиешелүү документтердеги маалыматтар менен визуалдык маалыматты салыштыруу, ошондой эле рентгеноскопиялык сүрөттөрдү автоматтык түрдө талдоону жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу контролдоо объектин идентификациялоо (транспорт каражаты, ташылуучу товар) үчүн жетиштүү сапат деңгээли менен рентгеноскопиялык сүрөттү түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
16. Объектти коргоонун интерактивдүү масштабдуу жана деталдуу планын чагылдырууну жана башкаруу каналдарын, маалыматтарды токтотуудан жана алмаштыруудан өткөрүп берүүнү коргоону жана маалыматтык система сыяктуу бардык комплекстерди жана коргоо объектинин системаларын киберчабуулдардан коргоону камсыз кылуучу комплекстүү коопсуздук жана байланыш каналдарын коргоо системасы.
17. Агымдын ар бир этабында транспорт каражаттарын жана жеке жактардын туруу убактысын белгилөө мүмкүнчүлүгү менен контролдоочу мамлекеттик органдардын кыймылга уруксат берүү же тыюу салуу тууралуу мамлекеттик контролдоочу органдын кызмат адамдарынын белги берүүсүнүн негизинде, автоматтык режимде агым боюнча транспорт каражаттарын жана жеке жактардын кыймылын башкарууну камсыз кылуучу транспорт агымдарын жана жеке жактарды диспетчеризациялоо системасы.
18. Жогоруда аталган бардык системалар маалыматтардын толуктугун (түзөтүлбөсүн) камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.
19. 8-18-пункттарда аныкталган системалар жок болгон учурда пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде "санариптик жашыл транзиттик коридорунун" операторунун функцияларын аткарууга ыйгарым укуктуу уюм тарабынан пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде өткөрүү пункттарын жеткире жабдуу жүзөгө ашырылат.