Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 500-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 565-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн алкагында пилоттук долбоорду жүргүзүү убагына "санариптик жашыл транзиттик коридордун" операторуна жана уюмдарга карата ТАЛАПТАР
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн алкагында пилоттук долбоорду жүргүзүү убагына "санариптик жашыл транзиттик коридордун" операторуна жана уюмдарга карата талаптар товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен алып өтүүдө көзөмөлдөө каражаттарын пайдаланууну камсыз кылуучу техникалык чечимдердин жыйындысын аныктайт.
2. Пилоттук долбоорго катышуу үчүн уюмдар - транспорттук-логистикалык компаниялар "Интеллектуалдык транзиттин оператору" ААКтын "акылдуу" контейнерлериндеги объективдүү контролдоонун пилоттук долбоорго жол берилген электрондук навигациялык пломбаларынын жана каражаттарынын реестрине (мындан ары - ЭНП жана АК реестри) киргизилген навигациялык пломбаларды (мындан ары - ЭНП) жана "акылдуу" контейнерлерди (мындан ары - АК) (маалыматтын бүтүндүгү (түзөтүлбөстүгү) блогун, бардык окуялардын камтылган тарыхынын юридикалык маанисин пайдаланып, глобалдык навигациялык спутник системасынын технологиясынын негизинде иштеген кошо орнотулган навигациялык блок менен) пайдаланууну камсыз кылат.
3. "Санариптик жашыл транзиттик коридор" операторунун функцияларын аткарууга ыйгарым укуктуу уюм төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- пилоттук долбоорду өткөрүү үчүн 5 миңден кем эмес навигациялык пломбаларды же "акылдуу" контейнерлерди жана 50дөн кем эмес мобилдик түзүлүштөрдү башкаруу;
- мурда пломбалоочу объекттерде орнотулган пломбаларды жана мөөрлөрдү, ошондой эле тыгындап-пломбалоочу башка түзүлүштөрдү бузбастан, үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында өндүрүлүүчү ЭНП жана АКты штаттык салуу, алып салуу, активдештирүү жана деактивдештирүү жана ЭНП жана АКтын электрондук блогунун корпусунда басылган уникалдуу сериялык номерди окуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат;
- кызыкдар органдардын кызмат адамдарынын адистештирилген жабдууларга жана салынган ЭНП менен өткөрүлүүчү АК жана транспорт каражаттарынын мониторинг системасына (анын ичинде навигациялык пломбалардын жайгашкан жерин жана абалын визуализациялоо) жеткиликтүүлүгү;
- жабдуулардын оң абалын, ал эми жабдууларды колдонуу мүмкүн болбогон учурда аны алмаштырууну, ЭНП жана АКты, маалыматты окуунун салынуучу каражаттарын берүү, аларды орнотуу, эксплуатациялоо жана оңдоо менен байланышкан чыгымдардын аткарылышын;
- бажы органдарына төмөнкү маалыматтарды берүүнү:
а) уюм электрондук навигациялык пломбаларды салган темир жол же автомобиль ташуучунун аталышын;
б) пломбалоо объекттерине электрондук навигациялык пломбалар же "акылдуу" контейнердин каттоо номери коюла турган транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерин же темир жолдун кыймылдуу курамынын бирдик номерин;
в) эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаздын номерин жана аны түзүү датасын;
г) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча темир жол же автомобиль ташууларынын пландалган узактыгын;
д) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын, стационардык жана көчмө өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же андан чыгуу жүзөгө ашырылган темир жол станцияларында жайгашкан контролдук пункттардын аталышын;
е) транспорт каражатынын айдоочусунун же темир жол ташуучунун кызмат адамынын телефонунун номерин;
- кийин пайдаланууга укуктарды берүү менен маалымат алмашуу жана мамлекеттик контролдоочу органдардын маалымат системалары менен өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу адистештирилген жабдууларды жана программалык камсыздоону;
- адистештирилген жабдууларды колдонуу боюнча нускаманы иштеп чыгууну жана пилоттук долбоордун катышуучуларына берүүнү;
- пилоттук долбоордун бүткүл мезгилинде маалымат менен алмашуунун коопсуздугун;
- Кыргыз Республикасынын аймагында маршруттук сертификаттарды жүктөө жана алмаштыруу, маршруттук сертификаттарды генерациялоо жана чакыртып алуу тартибин;
- ЭНП жана АК реестрин жүргүзүүнү;
- пилоттук долбоорлордо колдонулган жабдууларды мамлекеттик органдарга ыктыярдуу негизде жана өз каражаттарынын эсебинен өткөрүп берүүнү.
3. Пилоттук долбоорго катышуу үчүн электрондук навигациялык пломбаларды жана "акылдуу" контейнерлер үчүн объективдүү контролдоо блокторунун уюм-өндүрүүчүлөрү:
- пилоттук долбоордун катышуучуларына берилүүчү жабдууларды сервистик тейлөөнү жүзөгө ашырат, персоналды навигациялык пломбаларды жана "акылдуу" контейнерлерди эксплуатациялоо эрежелерине окутууну камсыз кылат;
- ЭНП жана АК колдонуу, салуу (алуу), активдештирүү (деактивдештирүү) тартибин иштеп чыгат жана пилоттук долбоордун катышуучуларына берет;
- ЭНПны алуу жана салуу жөнүндө, транспорттук каражаттардын каттамында мындай зарылчылык келип чыккан учурда АКты ачуу-жабуу нускамасын иштеп чыгат жана пилоттук долбоордун катышуучуларына берет;
- пилоттук долбоордо пайдаланылуучу буюмдун ар бир тибине эксплуатациялоо боюнча нускаманы иштеп чыгат жана эксперименттин катышуучуларына берет;
- ЭНП жана АК реестрине киргизүү үчүн жооп берет;
- ЕАЭБде нотификацияланган электрондук навигациялык пломбаларды жана "акылдуу" контейнерлер үчүн объективдүү контролдоо блокторун иштеп чыгат жана пилоттук долбоордун катышуучуларына кайтарымсыз негизде берет