Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 25-ноябры № 762
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматова демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |