Загрузка документа…
Долбоор
|
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Сауд Аравия Королдугунун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө
меморандум
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Сауд Аравия Королдугунун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги,
айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтыктын негизинде достукту чыңдоого умтулуу менен,
айлана-чөйрөнү сактоо үчүн өз жоопкерчилигин сезип,
анын маанилүүлүгүн жана учурдагы жана келечек муундар үчүн жакшыртууну сезүү менен,
эл аралык экологиялык кызматташтык жаатында топтолгон тажрыйбаны, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактоо максатында илимий-техникалык жана технологиялык аспектилерде тыгыз өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын эске алып,
эки өлкөдө колдонулуп жаткан мыйзамдарга, эрежелерге жана нускамаларга ылайык,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум (мындан ары - Меморандум) эки Тараптын ортосундагы айлана-чөйрөнүн жана биотүрдүүлүктүн ар түрдүү тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүгө, аларды коргоого жана сактоого, өсүмдүк катмарын өнүктүрүүгө, булганууну азайтууга жана чөлгө айланууга каршы күрөшүүгө, ошондой эле анын айлана-чөйрөгө жана адамга терс таасирин чектөө үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө багытталган.
2-берене.
Тараптар ушул Меморандумга ылайык төмөнкүдөй тармактарда кызматташат:
1. Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана анын кесепеттерин жумшартуу жаатындагы адистердин жана эксперттердин кадрдык жана техникалык потенциалын чыңдоо.
2. Биотүрдүүлүк, атап айтканда, табигый коруктар жана токой экосистемалары.
3. Ландшафттарды жана экосистемаларды, анын ичинде тоо экосистемаларын сактоо жана калыбына келтирүү.
4. Деградацияланган жайыттарды жана парктарды калыбына келтирүү жана туруктуу башкаруу.
5. Калдыктарды башкаруу.
6. Аба ырайы жана айлана-чөйрө.
7. Жаратылышты пайдаланууда экономикалык методдорду колдонуу.
8. Экологиялык мониторинг жана баалоо, экологиялык стандарттар жана чаралар.
9. Экологиялык коопсуздук жана биокоопсуздук жаатындагы потенциалды өстүрүү.
10. Агартуу, билим берүү жана экологиялык маалымат.
11. Ушул Меморандумдун алкагында эки Тарап макулдашкан кандай болбосун башка тармактар.
3-берене.
Тараптар ушул Меморандумдун алкагында кызматташуу боюнча иш-чараларды төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашыруунун үстүндө иштейт:
1. Ушул Меморандумдун алкагына кирген тармактарда маалымат, тажрыйба, документтер, изилдөөлөр жана жарыялоолор менен алмашуу.
2. Табигый кырсыктар, айлана-чөйрөнүн абалы жана ага таасир этүүчү факторлор жөнүндө маалыматтарды талдоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу.
3. Айлана-чөйрөнү коргоо же ушул Меморандумдун жоболорун ишке ашырууга багытталган каалагандай иштер менен байланышкан техникалык тармактарда кызматташууну талкуулоо үчүн адистердин ортосунда иш сапарлар менен алмашуу.
4. Айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин караган региондук жана эл аралык уюмдарда, институттарда жана форумдарда, ошондой эле экологиялык, региондук жана эл аралык макулдашуулар жаатында эки Тараптын кызыкчылыктарын сактоо максатында позицияларды координациялоо.
5. Ушул Меморандумда көрсөтүлгөн кызматташуу жаатында адистерди даярдоого багытталган биргелешкен окуу программаларын иштеп чыгуу.
4-берене.
Тараптардын ар бири өзүндө болгон ресурстарынын чегинде, эгерде эки Тарап тең башкача тууралуу макулдашпаса, анда ушул Меморандум боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу келип чыккан финансылык чыгымдарды көтөрөт.
5-берене.
Тараптар алмашкан маалыматтарды же документтерди шартталгандан айырмаланган жана макулдашууга шайкеш келбеген максатта колдонбойт жана мындай маалыматты берген Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жакка бербейт.
6-берене.
Тараптардын ар бири ушул Меморандумдун жоболорун ишке ашыруудан келип чыккан интеллектуалдык менчик укуктарын сыйлайт.
7-берене.
Ушул Меморандумду чечмелөөгө же аткарууга байланыштуу келип чыгуучу каалагандай талаш-тартыштар жалпы кызыкчылыктарды камсыздоо максатында дипломатиялык каналдар боюнча консультациялар аркылуу тынчтык жолу менен чечилет.
8-берене.
Бул Меморандум Тараптардын бири же экөө тең катышуучусу болуп саналган эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу эки Тараптын тең укуктарын жана артыкчылыктарын козгобойт.
9-берене.
1. Бул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө сауд Тараптын жазуу жүзүндөгү кабарлоосу дипломатиялык каналдар аркылуу алынган датадан тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Меморандумдун колдонуу мөөнөтү беш жылды түзөт, эгерде Тараптардын бири ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда ал өзүнөн өзү кийинки мезгилге (мезгилдерге) узартылат. Мындай кабарлоо колдонулушу токтой турган датага чейин кеминде (алты) ай мурун жиберилиши керек.
3. Бул Меморандумга эки Тараптын макулдашуусу боюнча жазуу жүзүндөгү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Түзөтүү ушул берененин (1) пунктунда көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирет.
4. Ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу, эгерде эки Тарап тең башкача тууралуу макулдашпаса, анын жоболоруна ылайык түзүлгөн, бирок аягына чыга элек долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууга таасирин тийгизбеши керек.
2022-жылдын "___" ___________ ______________ шаарында төрт түп нускада кол коюлду, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумду чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчүнө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги үчүн | Сауд Аравия Королдугунун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги үчүн | |
________________________________________ |
| ________________________________________ |