Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 11-октябры ПТ № 197
Жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык:
1. Коомдук кабылдамалар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы ушул тескемени жетекчиликке жана кынтыксыз аткарууга алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 26-августундагы № 71 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.У.Жапаров |