Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 28-ноябры № 658-т
1. 2018-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык маселелерди тейлеген орун басарына жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |