Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 28-ноябры № 772
Илимий процесстин үзгүлтүксүздүгүн сактоо, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ишин талаптагыдай жетектөөнү уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 672 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставынын 40, 42-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Абдрахматов Канатбек Ермекович Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |