Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 2-ноябры № 592-т
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы Программалык кеңсеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ортосундагы 2022-жылдын 13-июнундагы № 787 белекке берүү жөнүндө макулдашуусунун негизинде Nissan Patrol маркасындагы, 2011-жылы чыгарылган, кузовунун № JNITFSY61Z0559559, кыймылдаткычынын көлөмү 4759 см3, ак түстөгү автотранспорттук каражатты белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажылык жол-жобосуна жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорттук каражатты мамлекеттин менчигине кабыл алсын, наркын баалоону жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.
3. Бул тескемени ишке ашыруу 2022-жылга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |