Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 21-декабры № 682-т
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 95 дареги боюнча жайгашкан эски аэропорттун имаратын (идентификациялык коду 1-01-11-0059-0104) 0,27 га аянтындагы жер участогу менен "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетине тийиштүү келечектеги дивиденддердин эсебине Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул тескеменин 1-пунктунда аталган объектти мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- ушул тескеменин 1-пунктунда аталган объектти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы ушул тескеменин 1-пунктунда аталган объектке укуктардын өтүшүн каттасын.
4 Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |