Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 22-декабры № 684-т
Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана фермерлерин заманбап жана жеткиликтүү техника менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, John Deere Walldorf GMBH & Co. KG, Eurasia Group AG компанияларынын жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын машина-трактордук паркын санариптик механизациялоону өнүктүрүү жана жаңылоо долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизинде:
- Кыргыз Республикасынын машина-трактордук паркын санариптик механизациялоону өнүктүрүү жана жаңылоо долбоорун ишке ашыруу боюнча кабыл алган милдеттенмелерин аткаруу үчүн "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун кепилдик берүүчүсү болуп чыксын;
- John Deere Financial компаниясы жана "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен үч тараптуу кепилдик берүү келишимин түзсүн.
2. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кепилдик берүү мөөнөтү 5 (беш) жылды түзөт деп белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |