Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 23-декабры № 689-т
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынын жана "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-статьясында жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган компенсациялоо менен 2022-жылдын 31-декабры жумуш күнү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2022-жылдын 31-декабрын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |