Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 1-ноябры № 587-т
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 3-пунктун жана 2-беренесин ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондуна кирешелерди топтоо үчүн администрациялануучу эсеп ачсын;
2) Жол фондунун каражаттарын түзүү булактары боюнча кирешелерди классификациялоо коддорун ыйгарсын жана алардын администрациялануучу эсепке түшүүсүн камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду казыналык администрациялануучу эсептин каражаттарын "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдалансын.
З. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |