Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-октябрындагы № 635-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 29-декабры № 701-т
Энергетика секторунун чыгымдарын оптималдаштыруу жана кредиттик карыздарын азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун филиалдары Бишкек шаарынын ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" мүлктүк комплекстерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун карыздарын төлөөнүн эсебине өткөрүп берүү боюнча иш-аракеттердин кадамдык планы (мындан ары - Кадамдык план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы", "Электр станциялар" ачык акционердик коомдору (макулдашуу боюнча) менен биргеликте ушул тескеменин 1-пунктунда аталган Кадамдык планды өз убагында, сапаттуу аткарууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун филиалдары Бишкек шаарынын ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" мүлктүк комплекстерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун карыздарын төлөөнүн эсебине өткөрүп берүү боюнча иш-аракеттердин КАДАМДЫК ПЛАНЫ
№ | Иш-чара | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
1 | "Электр станциялар" ААКтын (мындан ары - "ЭС" ААК) филиалдары Бишкек ш. ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" мүлктүк комплекстерин КР Финансы министрлигине "ЭС" ААКтын карыздарын төлөөнүн эсебине өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү | 2022-жылдын декабры | ЭМ, ФМ, Мамфинкөзөмөл, Бишкек ш. мэриясы, "УЭХК" ААК, "ЭС" ААК |
2 | "ЭС" ААКтын филиалдары Бишкек ш. ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" мүлк комплекстерин инвентаризациялоо боюнча комиссия түзүү | 2023-жылдын январы | МЭ, ФМ, Бишкек ш. мэриясы, "ЭС" ААК, "УЭХК" ААК, |
3 | "ЭС" ААКтын акцияларынын рыноктук наркын жана "ЭС" ААКтын филиалдары Бишкек ш. ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" КР Финансы министрлигине "ЭС" ААКтын карыздарын төлөөнүн эсебине өткөрүлүп берилүүчү мүлктүк комплекстеринин наркын аныктоо үчүн көз карандысыз баалоо жүргүзүү | 2023-жылдын февралы | "ЭС" ААК, "УЭХК" ААК (контроль) |
4 | Бул Кадамдык пландын 1-пунктуна ылайык түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын сунушу оң болгон учурда КР Министрлер Кабинети тарабынан "ЭС" ААКтын филиалдары Бишкек ш. ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" мүлктүк комплекстерин КР Финансы министрлигине "ЭС" ААКтын карыздарын төлөөнүн эсебине өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу | 2023-жылдын марты | ЭМ, ФМ, Бишкек ш. мэриясы, "УЭХК" ААК, "ЭС" ААК |
5 | "ЭС" ААКтын филиалдары Бишкек ш. ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" мүлктүк комплекстерин КР Финансы министрлигине "ЭС" ААКтын карыздарын төлөөнүн эсебине өткөрүп берүү маселеси боюнча "ЭС" ААКтын акционерлеринин жалпы чогулушунун жактыруусун алуу, өткөрүп берүүнүн шарттарын жана өткөрүп берүү актысын бекитүү | 2023-жылдын апрели | "ЭС" ААК, "УЭХК" ААК (контроль) |
6 | "Акционердик коомдор жөнүндө" КР Мыйзамынын талаптарына ылайык "ЭС" ААКтын акционерлеринен акцияларды сатып алуу | Чечим кабыл алынган күндөн тарта 45 күндүн ичинде - талапты жөнөтүү, талап берилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде - сатып алуу | "ЭС" ААК, "УЭХК"ААК (контроль) |
7 | Ушундай талап менен чыккан кредиторлордун милдеттенмелерин төлөө | Талап маалымат ЖМКга жарыяланган күндөн тартып 2 айдын ичинде берилиши мүмкүн | "ЭС" ААК, "УЭХК" ААК (контроль) |
8 | Бишкек ш. ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" мүлктүк комплекстерин өткөрүп берүүнү монополияга каршы орган менен макулдашуу | КР мыйзамдарына ылайык | ОЭКД, "ЭС" ААК, "УЭХК" ААК (контроль) |
9 | "ЭС" ААКтын акционерлеринин жалпы чогулушунда "ЭС" ААК менен КР Финансы министрлигинин ортосунда Бишкек ш. ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" мүлктүк комплекстерин өткөрүп берүү тескемесин бекитүү, филиалдарын жоюу, уставдык капиталын азайтуу, "ЭС" ААКтын уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу | 2023-жылдын июну | "ЭС" ААК, ФМ, "УЭХК" ААК (контроль) |
10 | Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарында "ЭС" ААК кайра каттоодон өткөрүү | 2023-жылдын июлу | "ЭС" ААК, "УЭХК" ААК (контроль) |
11 | Бишкек ш. ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" мүлктүк комплекстерин өткөрүп берүүнү эске алуу менен "ЭС" ААК үчүн тарифти бекитүү | 2023-жылдын июлу | ОЭКД, "ЭС" ААК, "УЭХК" ААК (контроль) |
12 | "ЭС" ААКтын 2023-жылга жаңы бюджетин бекитүү | 2023-жылдын августу | "ЭС" ААК, "УЭХК" ААК (контроль) |
13 | Бишкек шаарынын ЖЭБин жана "Бишкекжылуулуктармагын" КР Финансы министрлигинен Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү боюнча зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзүү | 2023-жылдын июлу | ФМ, Бишкек ш. мэриясы |
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | - | Кыргыз Республикасы; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
Мамфинкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы; |
"УЭХК" ААК | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому; |
"ЭС" ААК | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коому; |
ЖЭБ | - | жылуулук электр борбору; |
ОЭКД | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент; |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары. |