Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 31-декабры ПТ № 256
Коомдо кеңири резонанс жараткан кылмыштуу топко колдоо көрсөтүү фактысы боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ички иштер органдарынын кызматкерлерин кармоого байланыштуу укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышын көз карандысыз жана ар тараптуу изилдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ички иштер органдарынын кызматкерлерин кармоого байланыштуу көзөмөлдөө органдары тарабынан функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышын көз карандысыз жана ар тараптуу изилдөө боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ички иштер органдарынын кызматкерлерин кармоого байланыштуу көзөмөлдөө органдары тарабынан функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышынын жагдайларын изилдөө үчүн Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына барсын;
- ишинин жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын 12-январына чейинки мөөнөттө тиешелүү корутундуну даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жумушчу топко изилдөө үчүн бардык зарыл материалдарды берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
Тиркеме |
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ички иштер органдарынын кызматкерлерин кармоого байланыштуу көзөмөлдөө органдары тарабынан функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышын көз карандысыз жана ар тараптуу изилдөө боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси; |
Апсатаров Азамат Бекбосунович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы; |
Айылчиев Алмаз Асимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы; |
Осмонов Азамат Кыргызбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Маматканов Улан Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору; |
Туратбек уулу Акылбек | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти; |
Султаналиев Исабек Оморбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн сот органдары секторунун эксперти. |