Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 30-декабры № 707-т
2022-жылдын 14-16-сентябрындагы мезгилде кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуунун жүрүшүндө жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9 жана 18-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына гуманитардык жардам түрүндө төмөнкүлөрдү бөлүп берсин:
- 10,0 (он) тонна биринчи сорттогу ун;
- 4,0 (төрт) тонна кумшекер;
- 10000 (он миң) литр өсүмдүк майын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Ош шаарынын мэриясы гуманитардык жардамды Ош жана Жалал-Абад шаарларынан белгиленген жерге чейин жеткирүүнү уюштурсун.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |