Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 30-декабры № 830
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев демилгелеген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 30-декабрындагы № 830 тескемеси менен жактырылган |
|
| ||
|
| |||
2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана эл аралык укуктун ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинде - 2022-жылдын 1-ноябрында, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде - 2022-жылдын 1-ноябрында белгиленген тартипте макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 596-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участкалары жөнүндө келишимдин 5-беренесине ылайык иштелип чыккан.
Бул Макулдашуунун максаты - суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешкен комиссия аркылуу башкаруу. Биргелешкен комиссиянын курамы жана иши жөнүндө жобо Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Тиркеме менен бекитилген.
Биргелешкен комиссиянын ишинин негизги формасы төмөнкүлөр болуп саналат:
- суу сактагычтын суу ресурстарын башкаруунун негизги маселелерин кароо боюнча жыйналыштарды зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүү. Ар бир жыйналыштын жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, ага Комиссиянын тең төрагалары кол коет;
- диспетчердик маалыматтарга жана суу сактагычтын иштөө режимине мониторинг жүргүзүү;
- зарылдыгына жараша суу сактагычтын гидротехникалык курулмаларынын бүткүл комплексин кароо;
- гидрогеологиялык изилдөөлөрдү, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүн жана суу сактагыч таасир этүүчү зонада жайгашкан аймакты жана калктуу конуштарды суунун каптап кетүүнүн изилдөө менен жанаша жайгашкан сугат жерлеринин мелиоративдик абалына мониторинг жүргүзүү.
Биргелешкен комиссиянын милдеттерине жана функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- суу сактагычтын иштөө режимин кароо;
- сууну агызуу графигин бекитүү;
- суу сактагычтын толушу боюнча маалыматтар менен таанышуу;
- суунун максималдуу деңгээлинин болжолун биргелешип аныктоо;
- суунун мүмкүн болуучу максималдуу сарпталышынын жана суунун деңгээлин 900-горизонталдан жогору эмес деңгээлде кармап туруу датасын жана мезгилин болжолдоо, ошондой эле талдоо;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жакынкы мезгилде сууну агызуу көлөмүн жөнгө салуу аркылуу аларды болтурбоо боюнча алдын ала зарыл болгон чараларды көрүү;
- суу сактагычтын төмөнкү бьефинде суунун нугу боюнча 300 м3/сек ашык көлөмдө агызуу учурунда Комиссиянын тийиштүү чечимин алдын ала кабыл алуу менен иш-чараларды жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаалдарда биргелешкен иш-аракеттердин тартибин белгилөө жана алардын кесепеттерин болтурбоо, жеңилдетүү, ошондой эле жоюу;
- кирген сууну агызуу жана суу ташкындарына, селге жана башка табигый кырсыктарга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды координациялоо;
- Макулдашуунун 5-беренесине ылайык башка маселелерди кароо.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу ратификацияланууга тийиш.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.