Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 30-декабры № 709-т
1. 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |