Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 29-декабры № 697-т
Калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоону күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл жана Чүй райондорунда аз камсыз болгон он үй-бүлөнүн (16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ай сайын берилүүчү жөлөкпул алган) мисалында "Нур-Кубат" пилоттук программасын ишке ашырууга киришсин;
- жогоруда аталган пилоттук программаны ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун эсебинен кубаттуулугу 5 кВт/сааттан кем эмес күн электр станцияларын сатып алууну ишке ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл жана Чүй райондорунда үй чарбалары күн электр станцияларын орнотуу үчүн техникалык жана башка критерийлерге ылайык келген аз камсыз болгон он үй-бүлөнү тандап алууну ишке ашырсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |