Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 26-декабры № 819
“Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 336 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
|
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамы
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы, Байкоочу кеңештин төрагасы.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн сектор башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бөлүмүнүн сектор башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
программалык продукттарды өндүрүүчүлөрдүн кесиптик бирикмесинин үч өкүлү (макулдашуу боюнча).