Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 684-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 30-декабры № 704-т

 

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзүп турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 6-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У.Жапаров

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча чектүү санын белгилөөчү

ИММИГРАЦИЯЛЫК КВОТА

 

№

Региондун аталышы

Саны

1

Бишкек шаары

200

2

Ош шаары

18

3

Баткен облусу

8

4

Жалал-Абад облусу

14

5

Ысык-Көл облусу

14

6

Нарын облусу

14

7

Ош облусу

14

8

Талас облусу

8

9

Чүй облусу

110

 

Республика боюнча бардыгы

400