Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 21-январы № 19-т
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-январындагы № 24-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) жазгы себүү үчүн ташып киргизилген, бирок 2022-жылы тандалып алынбаган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн 2023-жылдын 20-февралына чейин сактоону, мүшөккө таңгактоону, жүктөөнү жана автотранспорт менен Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Талас облустарына жеткирүүнү камсыз кылсын.";
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) зарыл болгондо айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн дарылоо.".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |