Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 12-ноябры № 282-т
Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыгы үчүн жергиликтүү көмүрдү өз убагында даярдоону камсыз кылуу жана көмүргө чекене баалардын негизсиз көтөрүлүүсүн болтурбоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы көмүрдү Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыктары үчүн Нарын облусунун Жумгал районунун Кара-Кече күрөң көмүр кенинин "Центральный" участогунан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүү пунктуна чейин ташууну ыкчам уюштуруу үчүн 2021-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөткө автотранспорт каражаттарын айдоочулук курамы менен кошо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын ыкчам тескөөсүнө жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы көмүрдү Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыктары үчүн Нарын облусунун Жумгал районунун Кара-Кече күрөң көмүр кенинин "Центральный" участогунан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүү пунктуна чейин ташууга тартылган автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды күйүүчү-майлоочу материалдар жана иш сапардык чыгымдар менен, ошондой эле алардын жүктөп алуу үчүн көмүр разрезине кезексиз өтүүсүн камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын жана жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен көмүрдү жогорулатылган баада баш аламан сатууну болтурбоо жана андан ары белгиленген монополияга каршы баада гана сатуу үчүн көмүрдү ташуучуларды стационардык отун базаларына жөнөтүү максатында ыкчам комиссиялардын ишин уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин сурамына ылайык Нарын облусунун Жумгал районунун Кара-Кече күрөн көмүр кенинин "Центральный" участогунан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүү пунктуна чейинки жолдун участогунда октук жүктөмдөрдүн белгиленген ченемдеринен ашыкча Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыктары үчүн көмүрдү ташууга автотранспорт каражаттарына уруксат берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте "Балыкчы" станциясынан "Аламүдүн-1" станциясына чейин Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыктары үчүн көмүрдү ташууга вагондорду зарыл болгон санда үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыктары үчүн көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүүнү уюштуруу маселесинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына көмөк көрсөтсүн.
7. Кызыкдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары расмий отун базаларынын жана көмүр сатуу пункттарынын даректери, баалары жөнүндө коомчулуктун жана калктын арасында тиешелүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | А.У.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 12-ноябры № 282-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 23-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыгы үчүн жергиликтүү көмүрдү өз убагында даярдоону камсыз кылуу жана көмүргө чекене баалардын негизсиз көтөрүлүүсүн болтурбоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы көмүрдү Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыктары үчүн Нарын облусунун Жумгал районунун Кара-Кече күрөң көмүр кенинин "Центральный" участогунан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүү пунктуна чейин ташууну ыкчам уюштуруу үчүн 2021-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөткө автотранспорт каражаттарын айдоочулук курамы менен кошо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын ыкчам тескөөсүнө жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы көмүрдү Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыктары үчүн Нарын облусунун Жумгал районунун Кара-Кече күрөң көмүр кенинин "Центральный" участогунан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүү пунктуна чейин ташууга тартылган автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды күйүүчү-майлоочу материалдар жана иш сапардык чыгымдар менен, ошондой эле алардын жүктөп алуу үчүн көмүр разрезине кезексиз өтүүсүн камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын жана жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен көмүрдү жогорулатылган баада баш аламан сатууну болтурбоо жана андан ары белгиленген монополияга каршы баада гана сатуу үчүн көмүрдү ташуучуларды стационардык отун базаларына жөнөтүү максатында ыкчам комиссиялардын ишин уюштурсун.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 23-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)