Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 1-февралы № 31-т
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы № 583 "Балыкчы", "Баетов", "Токтогул", "Кызыл-Кыя", "Чолпон-Ата" таандык аэропортторун жоюу жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Аэропорт көчөсү, № 20к дареги боюнча жайгашкан жер участогун (идентификациялык коду 2-03-05-0001-3006) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү мамлекеттин менчигине белгиленген тартипте кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна укук каттоону жүргүзсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |