Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 2-февралы № 34-т
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Ак-Талаа көмүр" мамлекеттик ишканасына төмөнкүдөй максатта жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
- тик бурчтуу координаттар системасындагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан Турук көмүр кенин иштетүү:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Y |
1 | 13482440 | 4532485 |
2 | 13482895 | 4532490 |
3 | 13482890 | 4532405 |
4 | 13482483 | 4532192 |
5 | 13482497 | 4532297 |
6 | 13482442 | 4532445 |
Аянты 8 га | ||
- тик бурчтуу координаттар системасындагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан Турук кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Y |
1 | 13481890 | 4532405 |
2 | 13482058 | 4532480 |
3 | 13482440 | 4532485 |
4 | 13482442 | 4532445 |
5 | 13482384 | 4532408 |
6 | 13482300 | 4532408 |
7 | 13482296 | 4532353 |
8 | 13482120 | 4532330 |
9 | 13482128 | 4531972 |
10 | 13482115 | 4531969 |
Аянты 9,8 га | ||
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияны берсин;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |