Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 16-январы № 10-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:
- 4, 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалары, алардын орун басарлары.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары.";
- 26-пункт "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызматтардын төрагалары," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын министрликтерине караштуу мамлекеттик кызматтардын төрагалары," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 41-1-пункт менен толукталсын:
"41-1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараттарынын жетекчилери, алардын орун басарлары.";
- 48, 49-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:
- 1-пункттун төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалары, алардын орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары;";
- 2-пунктта:
он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараттарынын жетекчилери, алардын орун басарлары;";
он бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;";
15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын экс-президенти катышкан иш-чаралар Төраганын залында өткөрүлөт.".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |