Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 2-февралы № 35-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына төмөнкүдөй максатта жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
- тик бурчтуу координаттар системасындагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан Кара-Кабак-Балыкты көмүр кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13302260 | 4396050 |
2 | 13307180 | 4397220 |
3 | 13310850 | 4400190 |
4 | 13311640 | 4398060 |
5 | 13306570 | 4395150 |
6 | 13303060 | 4394990 |
Аянты 1607 га | ||
- тик бурчтуу координаттар системасындагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Бешбурхан күрөң көмүр кенин иштетүү:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13266785 | 4456645 |
2 | 13269655 | 4457940 |
3 | 13269850 | 4457765 |
4 | 13267990 | 4455885 |
5 | 13266998 | 4455300 |
6 | 13266790' | 4455360 |
7 | 13266645 | 4455715 |
Аянты 316 га | ||
- тик бурчтуу координаттар системасындагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан Көк-Жаңгак көмүр кенинин Маркай участогун иштетүү:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Y |
1 | 13349782 | 4537307 |
2 | 13350475 | 4538386 |
3 | 13351104 | 4538313 |
4 | 13351423 | 4537480 |
5 | 13351256 | 4537556 |
6 | 13351081 | 4537718 |
7 | 13350882 | 4537662 |
8 | 13350998 | 4536988 |
9 | 13351260 | 4537074 |
10 | 13351400 | 4536219 |
11 | 13351367 | 4536036 |
12 | 13350075 | 4535820 |
Аянты 292 га | ||
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |