Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 17-февралы № 58-т
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жайкы дизель отуну менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасыиын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрелер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №181-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“-2023-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган баа боюнча 3 466 600 (үч миллион төрт жүз алтымыш алты миң алты жүз) литр өлчөмүндө дизель отунун сатсын;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“31. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мониторинг жүргүзсүн жана рыноктун конъюнктурасы өзгөргөн учурда кайра карап чыгуу укугу менен дизель отунуна минималдуу рыноктук бааны аныктасын.”.
Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |